Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

МАСАЛИЕВДИН КАЙТЫШ БОЛГОНУНА КЫРК КҮН ТОЛДУ


/images/domestic/masaliev.jpg Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы мамлекеттик башчы Абсамат Масалиевдин бул жарык дүйнө менен кош айтышканына 40 күн толду. Кыргыз коомчулугу бул күндөрү белгилүү коомдук ишмер Абсамат Масалиевди эскерүүдө. Ал быйылкы жылдын 31-июлунда 72 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Эмгек жолун 1956-жылы шахтанын башкы инженеринин орун басарынан баштап, мамлекеттин башчылыгына жеткен. Маркумдун өмүрү, коомдо басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү тууралуу республикалык масштабдагы басылмалар байма-бай эскеришти.

Абсамат Масалиевдин үйүндөгү иш бөлмөсүндө тээ дүйнөлүк адабиятчы, белгилүү адамдардын китептери жана Сталин, Исхак Разаков, Султан Ибраимов сыяктуу улуу инсандардын сүрөттөрү тизилип турат. Алардын катарында Абсамат Масалиев өзү да турат. Үстөл үстүндөгү аркы-терки жаткан ручка, жазма дептерлер эми эле колдон түшүп кеткендей көзгө урунат. Кайрынса эже өмүрлүк жолдошунан ажырап, жалгыз калган тагдырына кейип отуруп, Абсамат Масалиевдин өлөр алдында айткан сөздөрүн эсине салды:

- Дачада элек. Эртең менен эле түшүн айтып калды. Түшкө анчалык деле ишенчү эмес. “Түшүмө Сталин кириптир: “держитесь Абсамат Масалиев, молодец” деп колумду кысып көрүштүк деди. Кандай жооп айтарымды билбей, унчукпадым. Мына бул адамдардын сүрөтү пешенесине илинип турбайбы. Андан бир ай мурда эле дагы “түшүмө Исхак Разаков кириптир” деди эртең менен. Мен: “унутулуп бараткан адамды эскерип жазып жатпайсызбы, арбагында ыраазы болуп, түшүңүзгө кирсе керек” деп койгом. Ким ойлоптур мынтип бир айдан кийин Исхак Разаковдун жанына барып жатып калат деп. Бул кишини эл үчүн жан үрөгөн, таза бийлик жүргүзгөн адам деп абдан урматтаар эле. Москвада кайтыш болуп, ошол жакка коюлганына кейип-кепчип калчу. Акыры Бишкекте катарлаш жатып калышы бул жараткандын бир буйругу болду го деп ойлойм. Анан өлөрүнө саналуу сааттар калган экен көрсө. Дачанын эшик алдындагы гүлбакчага суу коюп жатып: “Колдон келсе эч бир адамдын көңүлүн калтырбаш керек” деди. Бул анын акыркы сөзү болуп калды. Мага насаат катары айтты белем, кантейин, биздей болуп карып, аксакал-байбиче болсо, бактылуу карылык деп эсептейт элем,- деди Масалиевдин жесири Кайрынса эже.

Андан соң Масалиевдин жакын жолдошу, идеялашы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев маркумду эскерип:

-Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узаттуу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү элем. Биз Масалиевдин тажиясын мамлекеттик теледен көрсөтүлсүн деп айтканбыз. Ал эмес, үч күн катары менен аза күтүү расмиси жасалсын деген сунушту киргизгенбиз. Бирок андай болбой калыптыр. Мен буга абдан капа болдум. Башкасын айтпаганда да мамлекет башчы Аскар Акаевдин сөзүн мамлекеттик теледен көрсөтүп коюшпайбы дейм да. Муну кандай түшүнсө болот? Масалиевдин баскан-турганы, коомдогу, саясаттагы ишмердүүлүгү жаштар үчүн үлгү болорлук. Андан эч коркпой-үркпөй койсо да болот. Тажиясына түрүлө келген элдин көз жашы, алардын маанайы, Масалиевдин ким экендигин дааналап, элге ушунчалык жаккандыгын билдирип турду.

Орозбек Дүйшеев өлкөдө болуп жаткан оош-кыйыш мүчүлүштүктөргө ушундайча токтолду. Мындай кырдаалды Масалиевдин жүрөгү көтөрө албай калды окшойт деп, анан “Кыргыз эл баатырын” берүү жөнүндөгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүчү кандайдыр бир себептерден улам Ак үйдөн берилбей калганын белгиледи.

Ушундай жагдайлардан улам мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун кабылдамасына бир нече жолу телефон чалып, Масалиев тууралуу эки ооз сөз сүйлөп берүүсүн өтүнгөн аракетибизден майнап чыккан жок.

Масалиевдин өмүр-жашоосунда 1990-жылдагы “Ош трагедиясы” эстен чыккыс оор окуя болуп, кыргыздын тарыхында жазылып калды. Ош окуясына саясый баа берилсин деген ошол кездеги талап туура болгонун, ошол окуянын катышуучулары ар убак белгилеп келишет. Ал кездерде демократиялык кыймылдын өкүлдөрү саясый акция жасашып, Масалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган эле. Алардын бири - “Азат” корпорациясынын президенти, ишкер Өмүрбек Абдырахманов мындай дейт:

-Ооба, эсимде. Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылып, акция уюштургандардын бири мен болчумун. Ал киши кетсе эле, коммунисттик идеология жоголот деп ойлоппуз. Учурунда биздин талап туура эле болчу. Бирок ал киши ушундай катуу кырдаалда да өзгөргөн жок, Мен ушуну баса белгилегим келет. Мына арадан бир топ жылдар өттү. Акыл-эс калчап көрдүк. Эмне демек элем, жарыктык кишинин жаткан жери жайлуу болсун эми. Жетекчи катары эли-журту үчүн акыйкат кызмат өтөгөн, тазалыктын үлгүсү болуп кетти. Ал коррупцияны билбеген, аны четке каккан улуу инсан болчу.

Ушундайча Масалиевди эскерип жаткан ишкер Абдырахмановдун сөзүндө маркум Абсамат Масалиев демократ болгон. Андай болбогондо ар кандай административдик күчтүн, компартиянын жөлөгү менен бийликти кармап калуу үчүн ар кандай аракеттерди жасамак деген кептердин чындыгы бардыр.

Маалыматтардан айкын болгондой Акаевге саясый оппонент болуп келди Масалиев. Ал өзүн ачык эле оппозициямын деп айткан. Акаев өзү да Масалиев конструктивдүү оппозициянын лидери болчу деп келет. Масалиевди акыркы сапарга узатып жатып президент Аскар Акаев:

-Урматтуу калайык-журт, атпай журттун белгилүү коомдук ишмери, көрүнүктүү саясатчы Абсамат Масалиев агабызды түбөлүктүү сапарга узатып жатып, кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздап турат.

Аскар Акаев баш болгон бийлик өкүлдөрү Масалиевдин саясаттагы, Кыргызстандын тарыхындагы орду тууралуу акактай асыл сөздөрүн бейит башында аябай эле айтышты.

Маркум Масалиевдин саясый бейнеси өтө оош-кыйыштуу, карама-каршылыктуу экени талашсыз. Башкасын айтпаганда да, 1991-жылы кыргыз демократтары анын бийликтен тез аранын ичинде кетүүсүн талап кылса, ошол эле демократтар он эки жылдан кийин Абсамат Масалиевди чыныгы коммунисттик принципти бекем туткан, саясый позициясына карабастан, чыныгы демократ катары саясат олимпине алып чыгышты.

“Масалиев бийликте турган кезинде саясаттагы “маскасын” алмаштырып алса болмок” дешет айрым байкоочулар. Бирок ал бул кадамга барган жок. Бийликти чыныгы демократиялык жол менен өткөрүп берди. Чыныгы демократ бийликке келгенде эмес, бийлик өткөрүп берүү учурунда демократиялык принципти сактагандыгы менен бааланат деп эсептешет көпчүлүк эксперттер.

XS
SM
MD
LG