Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

БЕСЛАНДА 320дан АШУУН АДАМ КАЗА ТАПТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы барымта окуясы кандуу аяктады, үч жүз жыйырмадан ашык адам курман болду. Мынча көп адам 1995-жылдагы Буденновск окуясында же 2002-жылдагы Дубровка театрында да өлгөн эмес. Орус бийлигинин айтымында, коопсуздук аскерлери чабуул пландаган эмес, бирок ок атышууга катышууга аргасыз болду. Кээ бир эксперттердин пикиринде, террорчулар өз максатына жетти.

4-сентябрда эртең менен, таң ата электе, орус президенти Владимир Путин Түндүк Осетиянын Беслан шаарына үч саатка келип, кыйраган мектепти көрүп, ооруканада жаткандар менен жолугуп кетти. Анын айтымында, өлкөнүн коопсуздук кызматы мектепке эч кандай чабуул баштоону пландаган эмес жана бардыгы кокусунан болду:

- Албетте, биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатканбыз, бирок күч колдонуу пландалган эмес. Окуялар ылдам жана күтүлбөгөн нукта, өз логикасы менен өнүктү. Коопсуздук кызматкерлери менен милиция эрдик көрсөттү, алар өздөрүн аяган жок.

Анткен менен "Азаттыктын" Орус кызматынын Бесландагы кабарчысы Муса Хасановдун кабарлаганына караганда, чабуулду коопсуздук кызматкерлери өздөрү баштаган болушу да мүмкүн:

- Күбөлөрдүн айтымында, баары түшкү саат бирден 10 мүнөт өткөндө башталды. Мектептин короосуна МЧСтин эки машинеси келип токтогондо, мектептин спортзалынын үстүндө эки жарылуу болду. Аны ким уюштурганы - мектепти барымтада кармаган согушкерлерби же коопсуздук кызматы аны менен куткаруу операциясын баштаганбы - белгисиз. Жарылуулар болоору менен спортзалдан балдар качып чыга баштады, машинелерден болсо атайын кызматтын аскерлери чуркап чыкты.

Орусиянын белгилүү саясат таануучусу Андрей Пионтковскийдин пикиринде, эгер коопсуздук кызматы чабуулду өзү баштаган болсо, ал орус бийлигинин оңолгус катасы:

- МЧСтин эки машинеси келип, андан коопсуздук аскерлери чуркап чыкканы тууралуу силердин кабарчынын айтканы - бийлик тарабынан чабуул уюштурулганына өтө окшош. Эгер ал чындап эле ошондой болсо, анда, менин оюмда, ал өтө катаал саясий жаңылыштык.

Мектепти 1-сентябрда барымтага алып, анын ичинде бир миңден ашык адамды туткунда кармаган террорчулар - эгер бийлик чабуул баштаса, мектеп дароо жардырылат деп эскерткен. Орус бийлигинин айтымында, мектеп ичинде бир нече туткун өлгөн жана алардын денелерин алып кетүү тууралуу барымтачылар менен сүйлөшүлгөн. Бирок Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери мектепке келгенде, согушкерлер аны жардырып жиберген жана туткундар качып чыкканда, аларды бандиттер ата баштаган. Ошондон кийин гана коопсуздук кызматы каршы ок атып, чабуул баштоого аргасыз болгон.

Путиндин айтымында, террорчулар Кавказдагы абалды бейстабилдештирип, улуттар аралык кастыкты жаратууга аракеттенген жана эгер кимде ким мындай чагымчылыккка алынса, алар террочуларга жан тарткандар деп эсептелиш керек. Пионтковскийдин пикиринде болсо, террорчулар өз максатына жетти:

- Террорчуларга келсек, маселенин күч менен чечилишине алар кызыкдар болчу жана ага жетүү үчүн бийликти провокациялаган. Жана осетиндер эми чечендер менен ингуштарды эч качан кечирбейт, экинчи жагынан, алар маскөөлүк бийликти дагы кечирбейт. Кавказда касташуунун эки жаңы дүрмөтү ишке киргизилди. Канчалык кейиштүү болсо дагы, террорчулар өз максатына жетти.

Орус бийлигинин айтымында, өлгөндөрдүн саны үч жүз жыйырмадан ашты, алардын жарымы балдар, үч согушкер тирүү кармалды жана 27 террорчу өлтүрүлдү, алардын бир тобу жалданган арабдар болгон.

XS
SM
MD
LG