Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

ОРУСИЯДАГЫ БАРЫМТА ӨНӨКӨТҮ


Орусия Түндүк Осетиядагы барымта кризисине чейин мындай окуяларды бир нече ирет баштан кечирди. Өкүнүчтүүсү, алардын бардыгында Москва барымтачыларды багындыра албады. 1995-жылы Буденновск шаарындагы оорукананы басып алган согушкерлер аман-эсен бошотулду, 2 жыл мурда Москвадагы театрда жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылды.

Орусияда соңку жылдары орун алган барымта кризистеринде жүздөгөн бейкүнөө, куралсыз адамдар өлүмгө учурады. Москвадагы Саясий технологиялар борборунун аналитиги Борис Макаренко чечен согушкерлери уюштурган бул окуяларда Орусиянын коопсуздук кызматы утулушка учурады деп эсептейт:

- Алгачкы эки барымта окуясында Орусиянын коопсуздук кызматы ишке жараксыздыгын көрсөттү. Буденновскто атайын аскерлер барымтачылар ээлеген имаратка чабуул коюп, башаламан атышууларда кокустан туткунга түшкөн адамдар, коопсуздук кызматкерлери өлүп, жараат алышып, айла кеткенде террорчулар аман-эсен бошотулду.


Москвалык эксперт Макаренко айтып жаткан окуя 1995-жылы Орусиянын түштүгүндөгү Буденновск шаарындагы оорукананы чечен согушкерлери барымтага алганда орун алган. Орусиялык аскерлер ал ооруканага улам чабуул коюп олтуруп, беш күн ичинде 100 киши өлгөндөн кийин барымтачыларга эркиндик берилип, алар аман-эсен Чеченстанга өтүп кетишкен.


Экинчи барымта кризиси 1996-жылы Дагестандын Кизляр шаарында болгон. Ал жерде чечен жоочулары жүздөгөн кишилерди автобуска салып алып, Чеченстан менен чектеш "Первомайское" айылына алып барып үйлөрдөн чыгарбай барымтада кармашкан. Орусиянын аскерлери "Первомайское" айылына асмандан чабуул койгондо барымтага алынган жана алынбаган жүздөй адам набыт болуп, козголоңчулардын көбү качып кутулушкан.


Кийинки барымта кризиси 2002-жылдын октябрь айында Москвадагы "Норд-Ост" театрында орун алып, бүткүл дүйнө коомчулугу бир нече күн бою бул окуяга терең тынчсыздана көз салып турушту. Акыр аягында Орусиялык аскерлер театрдын ичине уулуу газ коё берип, бардык 41 барымтачыны өлтүрүп, туткундагыларды бошотушкан. Бирок алар колдонгон газдын кесепетинен барымтада отурган 130га жакын адамдын, арасында жаш балдардын жаны кыйылган.

Борис Макаренко "Норд-Ост" театрындагы барымта учурунда Орусиянын коопсуздук кызматы туура чечим кабыл алган деген пикирде:

- Норд-Ост – таптакыр башка окуя. Атайын кызматтардын андагы операциясы туура жүргүзүлгөн. Алардын чабуулунан барымтадагы бир дагы киши ок жеп, же жардыруудан улам каза тапкан эмес. Жүздөн ашуун бейкүнөө кишинин өлүмүнө - бир нече күндөн бери барымтада отурган кишилердин өмүрүн сактап калуу аракеттери жакшылап ойлонулбаганы себеп болгон.

Чынында да, маалымат каражаттары кийин театрдын сыртында догударлардын, тез жардам берүүчү машинелердин саны аз болгонун, аларга газдын кандай түрү колдонулганы алдын ала айтылбагандыктан, жабыр тарткандарга дароо тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй калганын жазып чыгышкан.

Жума күнү Түндүк Осетиянын Беслан калаасында үч күндөн бери барымтада отурган мектептеги жүздөгөн адамдар бошотулганы кабарланды. Анда курман болгондордун саны улам көбөйүп, 300дөн ашканы айтылууда. Элдин жүрөгүнүн үшүн алып, бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган мындай окуяларды болтурбоонун жолу качан табылары белгисиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG