Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

КАДАМЖАЙДАГЫ СУРЬМА КОМБИНАТЫ САТЫЛГАНЫ КАЛДЫ


Кыргыз өкмөтү Кадамжайдагы сурьма комбинатынын 70 проценттик акциясын сатуу үчүн 10-августта тендер жарыялаган. Ага катышууну каалаган тараптар ушул айдын 14үндө анык болот. Бирок комбинаттын 350 жумушчусу ишкананы сатууга каршылыгын билдирген катты мамлекет башчысына, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин кош палатасына жолдоду.

Кадамжай сурьма комбинатынын кайрылуу катын жазган 350 жумушчусу ишкананын сатылышын токтотууну бийлик жетекчилеринен өтүнүшүп, буга комбинаттын бардык мүмкүнчүлүгүн ар тараптан териштирип, баалап чыгууга бир айдын жетишпей тургандыгын жана ушул жагдай аларды кооптонтуп тургандыгын билдиришти. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети жарыялаган тендердин шарттары буга чейин таланып кеткен Ленин, Фрунзе заводдорунун, «Текстильщик», Оштогу жибек комбинаттарынын кейпин Кадамжай комбинатына да кийгизбейт деп кепилдебешин кабарлашты. Андан тышкары комбинат Кадамжай районундагы эң ири ишкана болгондуктан миңдеген адамды жумуш менен камсыз кылып, жашоосунун булагы болуп жаткандыгын белгилешти.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Кадамжай районунан шайланып келген депутаты Закир Шарапов да ишкана азыр сатууга мажбур кыла тургандай абалда эмес экендигин жана аны ирдентүүгө чет өлкөлүк бир катар компаниялар кызыкдар болуп жаткандыгын билдирди:

- Азыр комбинат ишин чыңдай баштады. Аты белгилүү чет элдик беш компания, тактап айтканда, Кытайдын, Тажикстандын, Орусиянын, Жапониянын жана Германиянын беш компаниясынын өкүлдөрү келип, өздөрүнүн пландарын айтып, баштапкы келишимдерин түзүп кетишти эле. Комбинат ушинтип ишин жаңыдан жандандыра баштаганда өкмөт эмнегедир сатканга аракет кылып жатат. Аты белгисиз бир компания сатып алганга аракет кылып, чуркап жүрөт деп жатышат. Эмгек коллективи, албетте, буга абдан нааразы. Анткени, ошол жерде 1500 адам эмгектенип, Кажамжай шаарчасы ошол сурьма комбинатынын эсебинен жашап турат.

Депутат Закир Шараповдун айтымында, ишкана сатууга мажбур боло тургандай кудуретсиз деп табылган эмес. Комбинаттын азыр социалдык төлөмдөр боюнча 170 миллион сом карызы бар. Ушундан улам ал комбинатты сатууга бийлик башында турган адамдар ашыгып турат деген ойдо:

-Бул жок жерден чыккан, бир гана кишинин башына келген ой. 2002-2004-жылда менчиктештириле турган ишканалардын тизмеси азыр биздин палатада жатат. Азыр аны карай элекпиз. Тендерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети жарыялап жаткандан кийин бул Р.Жээнбековдун жеке ою болуш керек. Анткени, мындай маселени өкмөткө ошол гана кызыкдар болуп сунуштайт.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков депутаттын мындай билдирүүлөрүнө макул эмес:

-Бул натуура маалымат. Мен ал кишинин оюна кошула албайм. Эгер анын кандайдыр бир фактылары бар болсо, бизге берсин же ачык айтсын. Менде азыр мындай эч бир факт жок. Мен өзүм жөнүндө же башка бирөө жөнүндө да андай эч нерсе айта албайм. Мен бир гана нерсени ачык айта алам, биз Кадамжай сурьма комбинатын эмне кылсак дагы депутаттар, өкмөт чогулуп чечкен менчиктештирүү программасынын негизинде гана сатышка акыбыз бар жана ошонун негизинде гана иш жүргүзөбүз.

Равшан Жээнбеков комбинаттын акциясын сатуунун мыйзамдык негиздери бар экендигин да баса белгиледи:

- Кадамжайдагы сурьма комбинаты 2001-2003-жылдары менчиктештирүү программасына киргизилген ишканалардын бири. Мыйзамдын негизинде ал 2001-2003-жылдар ичинде сатылышы керек болчу. Азыр болсо 2004-жыл аяктап бара жатат. Биз азыр ишкананы баалап жатабыз. Азыркы күндө кызыккан компаниялар табыла баштады. Буга чейин ага бир дагы компания кызыккан эмес. Эгерде алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын жакшы компания экендигине ишене турган болсок, сатабыз. Дагы бир айта кете турган нерсе - эгер биз комбинатты сатпай турган болсок, анда аны мындан да жаман абалга алып келебиз. Анткени, азыр ал токтоп калды. Ошондуктан, убагы келгенде, жакшы сатып алуучу боло турган болсо эмне үчүн сатпашыбыз керек? Албетте, сатышыбыз керек. Себеби, жеке менчиктин ээси ошол жерге баары бир ийгилик алып келет.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары болсо Кадамжай комбинатынын акциясынын сатылышынын себептери тууралуу өкмөт өкүлдөрү ушул айдагы "өкмөттүк саатта" түшүндүрмө берүүсүн талап кылганы жатат. Эгер андан майнап чыкпаса менчиктештирүү мыйзамын бузган өкмөттү жоопко тартуу маселесин Башкы прокуратурага жолдойт. Ал тууралуу Николай Байло палатада:

-Мен палатанын атынан менчиктештирүү программасын бузган өкмөткө расмий кат жолдоону сунуш кылам. Кадамжай сурьма комбинаты менчиктештирүү программасына киргизилген эмес. Өкмөт ушул мыйзамды бузду. Ошон үчүн премьер-министр ушул маселе боюнча отчёт берсин. Эгер андай болбосо мыйзам бузуу фактысы боюнча Башкы прокуратурага билдирүү жиберилсин.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеевдин билдирүүсү боюнча, палата буга чейин саттырбай койгон Хайдаркен сымап комбинаты таланбай, быйыл жумушчулардын айлык маянасынын көлөмүн 30 процентке жогорулата алды. Ушундан улам депутаттар Кадамжай сурьма комбинатынын жумушчуларынын бир билгени бардыр деген ойдо турушат.
XS
SM
MD
LG