Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛ ТУРМУШУ ЖАКШЫРДЫБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2004-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын ички дүң продуктысы 9 пайызга жогорулап, соңку жылдары өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 14 пайызга кыскарды. Аткаруу бийлиги тараткан мындай маалыматка айрым саясатчылар ишенишпейт. Маселен, оппозиция өкүлдөрү жогорудагыдай көрсөткүчтөр өлкөдөгү чыныгы социалдык-экономикалык абалды чагылдырбай тургандыгын белгилешип, «кыргыз бийлиги келээрки парламенттик, президенттик шайлоо алдында коомдук пикир жаратуу максатында ушундай маалыматты байма-бай таратууда» деп айтышууда.

Соңку мезгилдери айрыкча өкмөттүк маалымат каражаттарында Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалынын жакшырып жаткандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыялана баштады. Улуттук статистикалык комитеттин жана Каржы министрлигинин кабарлоосуна караганда, 2004-жылдын соңку жарым жылында өлкөнүн Ички дүң продуктысынын өлчөмү 9 пайызга жогорулап, 2002-жылдан бери карай инфляциянын деңгээли беш пайыздан төмөн кармалып, улуттук акча сомдун алмаштыруу курсу бир кыйла чыңдалды.

Ошондой эле, соңку 2-2,5 жыл аралыгында Кыргызстанда жаркырчылыктын деңгээли 14 пайызга төмөндөдү. Маселен, 1999-жылы расмий түрдө Кыргызстан элинин 55 пайызы жакырчылыкта жашаса, үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч 41 пайызга чейин азайган. Аткаруу бийлигинин жогорудагыдай маалыматынан улам чындыгында эле соңку жылдары Кыргызстандын өндүрүшү өнүгүп, экономика жогорулап жатабы, мындай макроэкономикалык көрсөткүчтөр өлкөнүн чыныгы социалдык-экономикалык абалынын жана элдин жашоо-турмушунун дегээлин туура чагылдырабы, деген суроолор туулат.

Жогорудагыдай суроолорго аткаруу бийлиги, оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү түрдүүчө жооп беришет. Маселен, «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын башчысы Токтойым Үмөталиева "чындыгында эле соңку мезгилдерде Кыргызстандын экономикасы өнүгүп, элдин жашоосу жакшырууда" дейт:

- Анткени мен канча айылдарда болдум. Үч-төрт жыл мурда Таластын, Нарындын айылдарында жеңил машина көрбөй калганбыз. Былтыр Таластын Карасуу айылынын тургундары 62 машина сатып алышыптыр. Бул да жашоонун жакшыргандыгынын белгиси.

Ал эми Кыргызстанын социалдык-экономикалык абалы тууралуу жогорудагыдай маалыматка айрым саясатчылар ишенишпейт. Маселен, жаңыдан түзүлгөн "Кыргызстан патриоттук кыймылынын" башчысы, укук коргоочу Турсунбек Акун аткаруу бийлиги мындай маалыматты болочок шайлоолорго байланыштуу таратууда дейт:

- Азыркы бийлик алдына «шайлоодо жеңишке жетишүү» деген бир максат койду. Ал максатка жетүү үчүн өкмөттүк маалымат каражаттары «Аскар Акаевдин учурунда Кыргызстан өнүктү, эл турмушу жакшырды, гүлдөдүк» деген коомдук пикирди жаратуу менен алектенүүдө. Чындыгында андай эмес. Эл жакырлангандан жакырданып, миңдеген атуулдар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал эми Кыргызстанда болгону бийликтеги үч, төрт пайыз чиновниктер жакшы жашап, көп кабаттуу үйлөрдү салышууда. Ал эми карапайым эл итке минген кедей бойдон калууда.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын Эмгек жана социалдык саясат комитетинин төрагасы Адахан Мадумаров болсо «аткаруу бийлиги тараткан макро-экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалыматтар өлкөдөгү чыныгы абалды чагылдырбайт" дейт:

- Кагаз түрүндө Кыргызстандын абалы жомоктогудай, иш жүзүндө башка. Ал эми «жакырчылык 14 пайызга кыскарды» деген туура эмес. Анткени миңдеген атуулдар башка өлкөлөргө чыгып кетишип, пособье алгандардын саны кыскаргандан улам өкмөт «жакырчылык кыскарды» деп мактанууда. Эгерде чындыгында эле экономикалык жылыш болсо эмне үчүн мамлекет башчы өлкөдөгү эң төмөнкү айлык акы тууралуу мыйзамга вето койду. Соңку жети, сегиз жылдан бери Кыргызстанда эң төмөнкү айлык акы эки доллардан көтөрүлгөн жок. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү айлык акы Кыргызстанда. Анын өлчөмү жүз сомго барабар.

Мадумаровдон башка да айрым байкоочулардын пикиринде, кыргыз бийлиги соңку айлары Кыргызстандын ички дүң продуктысы 9 пайызга көтөрүлүп, жакырчылыктын деңгээли 14 пайызга кыскарды дегени менен өлкөдө элдердин жашоо турмушу оор бойдон калууда. Маселен, учурда мугалимдердин орточо айлыгы 400 сом болсо, орточо пенсиянын өлчөмү 450 сомдун тегерегинде. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылы республика боюнча 3084 мугалим жумушун таштап кеткен. Ал эми Улуттук статистикалык комитетин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда ар бир адам күнүнө эптеп курсагын тойгозуш үчүн айына 1644 сом талап кылынат.
XS
SM
MD
LG