Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

4-сентябрда Баткен облусунун беш жылдыгына байланыштуу марафон өттү


БАТКЕН. Марафонду облус губернатору Аскарбек Шадиев ачып, облустун жетишкендиктерин белгилөө менен облус калкын 5 жылдык мааракени татыктуу тосуп алууга чакырды. Ошондой эле облустук акимчиликтин атынан 10 миң, өз атынан 5 миң сом таштап марафонду баштап берди. Андан соң Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков сөзгө чыгып, кичи мекени Баткен облусунун 5 жылдыгынын урматына белек катары Бишкектеги "Эркиндик" эстелигинин көчүрмөсүн облус борборуна орнотоорун айтты. Марафонго облустагы район, шаарлардын мекеме, ишканаларынын жетекчилери, аксакалдар жана облустун жөнөкөй тургундары да катышып, өз салымдарын кошушту. Ал эми облустагы мекеме, уюмдардын кызматкерлеринин баары бир күндүк эмгек акыларын которушту. Марафон эсебине бул күнү жалпысынан бир миллион сомдон ашуун каражат чогулду. "Бар бол, байманалуу Баткен" деген аталыштагы ушундай эле марафон 17-сентябрда Бишкек шаарында да өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG