Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Ноокенде Д.Садырбаевдин жаңы китептеринин тушоосу кесилди


ЖАЛАЛАБАД. Дооронбек Садырбаевдин жаңы төрт китебинин презентациясына мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баш болгон Жогорку Кеңештин кош палатасынын жоон топ депутаттары, маданий, коомдук ишмерлер менен саясий партиялардын жетекчилери жана жергиликтүү калк катышты. Сүйлөгөндөр Дооронбек Садырбаевдин чыгармачылыгы менен адамдык касиеттерин өзгөчө белгилешип, жергиликтүү бийликтин жолугушууга район борборунан жай бербей койгондугуна нааразы болушту. Бир нече депутаттар менен "Эл бийлиги" шайлоо блогунун жана саясий партиялардын башчылары калкты Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда Дооронбек Садырбаевдин талапкерлигин колдоого үндөштү. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов эгер Дооронбек Садырбаев президенттик шайлоого катышчу болсо, аны кубаттарын билдирди.

XS
SM
MD
LG