Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Кыргызстанда инвестициянын башкы тоскоолдугу - коррупция


БИШКЕК. Кыргызстанда инвестициянын башкы тоскоолдугу - коррупция. Мындай пикирин кечээ Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратович Кыргызстандын 5-матрицасынын долбоорун талкуулаган жыйында билдиргенин «Кабар» агенттиги жазды. Скуратовичтин айтымында, коррупция жеке эле Кыргызстанда эмес, бардык өткөөл мамлекеттерде орун алган. Бирок коррупция деңгээли канчалык жогору болсо, инвестициялык чөйрөгө ошончолук терс таасир берет. Ошондуктан, инвестициялык матрицанын негизги маселелеринин бири катары адилет башкарууну киргизүү өтө маанилүү. «Дал ушул факторду донорлор коррупцияга каршы күрөштүн аспабы катары санайт» дейт Скуратович. Ал эми Жоомарт Оторбаев бул билдирүүгө жооп иретинде сүйлөгөн сөзүндө матрица долбоорунда акыйкат башкаруу өзүнчө бөлүм катары берилбегендигин, бирок ал матрицанын ар бир пунктунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG