Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

ТИБЕТТЕГИ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ


Төрөкул Дооров, Прага Грекияда өткөн олимпиада оюндарынын жыйынтыгында аларды символдоштурган негизги таяк, башкача айтканда, “олимпиада таягы” Кытайга өткөрүлүп берилди. 2008-жылга белгиленип жаткан келээрки олимпиада оюндарын эми Кытай өткөрмөкчү. Бул окуя бир катар эларалык укук коргоо уюмдарын Кытайдагы адам укугунун абалы боюнча отчетко тынчсыздануу менен кароого түрттү. Тибетти коргоо боюнча эларалык бирикме эларалык уюмдар менен укук коргоочуларды Тибеттеги адам укуктарынын оор абалына назар салууга чакырат. Уюмдун максаты - Кытай өкмөтүн Тибетке болгон саясатын өзгөртүүгө көндүрүү.

Кытайдын Тибет автономиялык облусунун борбору Лхаса шаарындагы 15-кылымда курулган чиркөө бир кездери миңдеген буддист динаятчылары жана 5 түрдүү окуу жайларынын чордону болуп турган. Ал эми бүгүн будпарастардын саны бир канча жүз адамга чейин кыскарып кетти, ал эми диний жөрөлгөлөр менен баардык кыймыл-аракет Кытай өкмөтү түзгөн көзөмөл тобу тарабынан текшерилип турат.

Кытайдын коммунисттик күчтөрү Тибетти 1950-жылы басып алышкан. Тибеттиктердин диний башчысы Далай Лама кытай күчтөрүнө каршы көтөрүлүштөн майнап чыкпагандан кийин, мекенинен качууга мажбур болот. Ал эми өткөн кылымдын 60-70-жылдары тибеттиктердин маданиятына каршы жүргүзүлгөн саясаттын негизинде, буддисттик чиркөөлөрдөгү устаттар менен бирге дарс окугандар да камакка алынышкан.

Кийинчерээк ырасмий Пекин Тибеттин маданиятына, диний эркиндигине карата өзүнүн саясатын алда канча жумшартты, бирок Далай Лама дале бозгунда жүрөт. 69 жаштагы 14-диний башчы Далай Лама азыр Индиянын түндүгүндөгү Дхарамсала шаарында жашайт, бирок ошол эле убакта Тибеттин саясий турмушунда дээрлик негизги орунду ээлейт.

1995-жылы Кытай бийликтери 5 жашар баланы 11-Панч Лама катарында көрсөтүшөт. Бул так - Тибеттин буддисттик тепкичтеринин арасында эң жогорку экинчи орунда турган адамдын оорду. Ал эми Далай Лама тарабынан Панч Лама катарында тандалган башка бир бала ошол эле жылы көздөн кайым болот. Ал бүгүнгө чейин табыла элек жана айрымдар аны дүйнөдөгү саясий негизде камалган эң жаш адам катарында таанышат.

- Далай Лама да, Панч Лама да - экөө тең менин жүрөгүмдө. Чынын айтсам, мен Далай Ламаны жогорураак коем. Билбейм, эмнеге, бул менин жүрөгүмдүн гана тандоосу, - дейт 28 жаштагы бутпарас.

Азыр аларга Лхас шаарындагы Йоханг чиркөөсүнө келип, сыйынууга уруксат берилген. Ал жерде Далай Лама олтурчу так бош бойдон турат. Бирок Тибетти Колдоо эларалык бирикмесинин директору Элисон Рейнолдс айымдын айтымында, будисттердин санаалаштары дале Кытай бийликтери менен сүйлөшүүлөргө баруудан коркушат.

- Тибетте дин өтө күчтүү башкаруучулук аракеттерине баш ийет жана бул адамдардын күндөлүк турмушунда жакшы көрүнүп турат. Айрым учурларда бул көрүнүштөр бир аз жоголуп, адамдар үйлөрүндө Далай Ламанын сүрөтүн кармап, сыйына алышат. Бирок алар ар бир мүнөттө эле жагдай кескин өзгөрүп кетээрин да жадыларынан чыгарышпайт. Тибет калкы буга өтө көнүп калган, - дейт Элисон Рейнолдс айым.

Ырасмий Пекиндин маалыматында, бүгүн Тибетте эки жарым миллиондон ашуун адам жашайт жана анын 92% тибеттиктер. Бирок Лондондо орун алган Тибетти колдоо түйүнү тараткан маалыматтарга ылайык, кытайлыктар тибеттиктерди алардын өздөрүнүн мекенинен сүрүп чыгарып салышты. Бул тибеттиктердин атуулдуктан айрылуусуна алып келип, аларга облусттун саясий турмушуна катышууга мүмкүндүк бербей келет.

XS
SM
MD
LG