Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

ОРУСИЯ ГЕЗИТТЕРИ КАНДУУ ОКУЯЛАРДЫ ЧАГЫЛДЫРУУДА


Муса Мураталиев, Москва "Независимая газета" жума күнү жарык көргөн санында «Маскөө өткөргөнү аткан салтанатка терорчулар өзгөртүү киргизишти» деген аталышта макала басты. Макала жыл сайын августун ушул күндөрү өткөрүлүп жүрүүчү «Баш калаа күнү» деген аталышта майрам быйыл өтпөй калгандыгынан улам жазылган.

Май айынан тартып жапа тырмак даярдык көрүп, кеңкесири өткөрүлгөнү аткан салтанатты кечөө шаар башчы Юрий Лужков:

- Калаа күнүн өткөрүүгө быйыл кайсы бир өзгөрүүлөр киргизилет, - деген.

Мындай чечимди шаардык өкмөт жакында «Рига» метросундагы жардыруудан кийин, а мурдараакта Ту-154 жана Ту-134 учактары жардырылгандан кийин жана Бесланда орто мектепти барымтачылар басып алгандан кийин кабыл алган. Орусияда кан төгүлүп атканда башкалаада салтанат куруу орунсуз деп эсептешкен.

Баса, Бесландагы барымтачылар менен кармашуу кандай болгону дүйнө жүзүндө миллиондогон кишилердин эсинде калды шекилдүү. Ал жерде ок атышуу Түндүк Осетия президенти Александр Дзасохов барымтачылар менен сүйлөшүп келип, «алардын башкы талабы – Чеченстандын күңкорсуздугу экен», - деген билдирүүсү таркагандан көп өтпөй башталды. Чеченстандын күңкорсуздугу деген сөздөр дүрмөт болуп жардырып ийгенсип, орусиялык атайын кызматкерлер мектепке жапырык менен чабуул жасоосун баштады.

Чеченстанда өткөрүлгөн президенттик шайлоого арналган макалаларга келсек, аларда Москва сүрөгөн Алу Алхановдун бийликке келиши легитимдүү эмес болду деген кеп айтылууда.

Баса, Ичкерия жумуриятынын мурдагы президенти Аслан Масхадов Орусиядагы кийинки жагдайга кабатыр экени дайын болду. Жума күнү «Утро. Ру» сайтына чыккан макалада, ал барымтада жаткандарды бошотууга арачы болуп берүүгө даяр экенин билдирген.

«Бесландагы мектепти барымтага алгандарды Аслан Масхадов айыптайт жана орусиялык бийлик аны кармап алуу үчүн бардык жерге тыңчыларын койгонго карабай, мектеп окуучуларынын жанын сактап калуу үчүн, керек экен, барып, арага түшүп берүүгө даярмын» деген кебин анын Лондондогу өкүлү Ахмед Закаев билдирди» деп жазат Юлия Верник.

Кеткен аптада болгон жардыруулар Сочиде эс алып аткан президент Владимир Путиндин да шаштысын кетирип, шашылыш Кремлге кайтып келишине түрткү болду.

- Бул актылар бир эле орусиялыктардын керт башына багытталбай, бүтүндөй Орусияга каршы багытталган, - деди президент.

Орусиялык басма сөз каражаттары мурунку аптаны жалпылаштыра: «Терордук кан төгүү. Анын Орусияга жасаган жортуулу» деп аташты.

«Компания» жумалыгы 30-августа «Тоо падышасы» деген макала басып, ал жерде Анатолий Чубайс менен Николай Танаев кол коюшкан эскерме туурасында кеп кылды. Ал документ негизинде Камбарата ГЭСтерин толук куруп бүтүү үчүн орусиялык тарап 2 миллиардга чукул доллар каражат кошот экен. Атын жазбаган автор ошол себептүү маскөөлүк чабарман келечекте эки ГЭСке тең акылуу болот, бир эле анын энергия кубаты үчүн эмес, астында агып аткан суусуна да кожолук кылат деп жазат.
XS
SM
MD
LG