Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Осетиянын Беслан шаарынын мектеп имаратында бир миңден ашык адам 53 саат бою барымтада кармалды. Бирок аларды куткаруу аракеттери учурунда үч жүз жыйырмадан ашык киши - анын ичинде бир жүз элүүдөн ашуун окуучу бала - курман болду. Президент Владимир Путин болсо 4-сентябрда сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Орусия мындай окуяга даяр болбой чыкты деп билдирди.

Мектептеги туткундарды куткаруу операциясы 3-сентябрда түштө башталып, он саатка уланды. 4-сентябрда таңга жуук шаарга президент Владимир Путин келип кетти, түштөн кийин болсо ал сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, мындай террорго Орусия даяр болбой чыкты, ошондуктан жакын арада чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиш деп билдирди:

- Өлкөнүн биримдигин күчөтүү максатында жакын арада бир топ жаңы чара көрүлөт. Экинчиден, Түндүк Кавказдагы абалды көзөмөлдө кармаган күчтөр менен чаралардын кызматташуусунун жаңы системасын түзүү керек деп эсептейм.

Путиндин айтымында, өлкөдө болуп жаткан окуялардын татаалдыгын бийлик учурунда түшүнбөстөн, алсыздыгын көрсөттү, алсыздарды болсо башкалар дайым урат. Анткен менен президент орус бийлигинин жетишкендиктерин дагы белгилеп, СССР чачыраганда, бийлик анын өзөгүн сактап калып, аны Россия деп атаган деп да билдирди.

Таң атаар алдында Түндүк Осетияга келгенде дагы Путин билдирүү жасап, туткундарды бошотуу максатында бийлик күч колдонуу пландаган эмес, окуялар ылдам жана күтүлбөгөн нукта өнүгүп кетти деп айткан. Бирок бир топ эл аралык эксперттер Кремлдин мындай сөздөрүнө көп ишенбейт, анткени Беслан трагедиясы 1-сентябрда башталгандан тартып, орус бийлиги элге так маалымат берүүдөн алыс болгон. Алгач 120 гана адам туткунда экени тууралуу айтылган жана эки күн өткөндөн кийин дагы мектеп ичинде канча адам бар экени жөнүндө так маалымат берилген эмес. Чабуул бүткөндөн кийин болсо, барымтага бир миңден ашык адам алынганы ачыкка чыгып отурат.

Чабуул учурундагы Бесландагы башаламандыкты бүткүл дүйнө чындап эле сыналгы аркылуу көрдү, бирок британиялык "Таймс" гезити: күч колдонуу пландалган эмес болсо, анда орус бийлиги деги эмнени пландаган? - деген суроо коёт.

Алманиянын "Франкфуртер рундшау" гезити болсо, эгер окуялар кокустук нугу менен өнүксө, анда Орусияда деги эле мамлекет барбы? - деп сурайт. Гезиттин жазышынча, кризис учурунда Путин элге чыгып сүйлөгөн жок, өкмөт башчысы дагы эч жерде көрүнбөдү, анткени алар өздөрүнө жоопкерчиликти алуудан качты.

АКШнын "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкканга караганда бир аптанын ичинде Орусияда төрт ири террор аракети ишке ашырылып, алардан төрт жүздөн ашык адам набыт кеткени Путиндин чечен маселесин чече алаарынан күмөн жаратат.

"Зюддойче цайтунг" аттуу немис гезитинин айтымында, Орусия баары бир акыр-аягында Чеченстандан айрылат, ошондуктан маселени саясий жолдор менен чечүү аракеттерин мүмкүн болушунча батыраак башташ керек.

Башка эксперттердин айтымында дагы, Борис Ельцинден мурас катары калган чечен маселесинен обочологондун ордуна Путин аны өз маселесине айлантып, аны күч менен гана чечүүгө аракеттенгени абалды ого бетер татаалдантып жиберди. Чечендерге "ал-Каида" жардамдашып жатат деп Путин маселени эл аралык проблемага айлантып, жоопкерчиликти башкалар менен бөлүшүүгө аракеттенүүдө, ошол эле учурда чечен маселеси Орусиянын ички иши деп, ага эл аралык ортомчуларды жолотпойт.

Британиянын "Таймс" гезитинин айтымында, террорчулардан коркуп, АКШ, Европа жана Орусия коопсуздук чаралары үчүн эбегейсиз каражат корото баштаганы - террорчулардын жеңиши, анткени дүйнөдө дал ушундай абал түзүү алардын максаттарынын бири.
XS
SM
MD
LG