Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

АСКАР АКАЕВ ДАГЫ БИР ИРЕТ ШАЙЛАНА АЛАБЫ ЖЕ ЖОКПУ ДЕГЕН СУРООНУН ӨЗҮ САБАТСЫЗ


Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын кароону 7-сентябрга белгиледи. Сотко Мыйзам чыгаруу жыйынынан Азимбек Бекназаровдун, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынан Баяман Эркинбаевдин катышаары маалымдалган.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого катыша алар-албасын аныктап берүү арызы менен Конституциялык сотко жыл башында кайрылган. Эл өкүлдөр жыйынынын жайкы сессиясында болсо Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова маселени кароого соттун даярдыгын билдирген. Бирок судьялардын жана депутаттардын жайкы эс алууга чыгуусуна байланыштуу маселени кароо күз айларына которулган. Эми мына Конституциялык сот ишти кароону 7-сентябрга белгилегенин депутат Дүйшөн Чотонов билдирди.

Анын Конституциялык сотко арыз менен кайрылуусуна Жогорку Кеңештин эки палатасынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттеринин өткөн жылдагы карама-каршы бүтүмдөрү себеп болгон. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети “Аскар Акаев дагы бир жолу президенттик шайлоого бара албайт” деген бүтүм чыгарса, Эл өкүлдөр жыйынынын комитети “бара алат” деген тыянагын чыгарган.

Жогорку Кеңештин төрагалары палатанын бүтүмдөрүн сотто коргоочу депутаттарды да дайындаган. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынан депутат Азимбек Бекназаров, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынан депутат Баяман Эркинбаев Конституциялык сотко барары аныкталган.

Жекшемби күнү депутат Эркинбаевге кайрылып, сотто ал кандай аргументтер менен чыгаарын сурадык. Анын жообу мындай болду:

- Бул маселе менен менин эч кандай кабарым жок экен. Мен палатадан өкүл болуп дайындалган менен сотто каралчу материалдар менен тааныштыгым жок.

Коомчулуктун кээ бир өкүлдөрүндө Конституциялык сот Конституциянын жаңы редакциясына таянып туруп, “Аскар Акаев дагы бир жолу президенттик шайлоого бара алат” деген бүтүм чыгарып коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар.

Маселен, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдары коалициясынын президенти Эдил Байсалов ушундай пикирде:

- Биздин өлкөдө баары болушу мүмкүн. Бирок биз кеч боло электе арызды соттон алып коюш керек деген пикирде турабыз.

Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Валерий Диль соттун “президент шайлоого дагы бара алат” деген чечим чыгаруусуна негиз жок деген пикирин билдирди:

- Биз жаңы Конституция кабыл алган эмеспиз. Ошондуктан Конституциялык соттун Аскар Акаев дагы бир мөөнөткө бара алат деп бүтүм чыгарышы мүмкүн эмес.

Өлкөнүн мурунку мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков болсо мындай оюн ортого салды:

- Мөөнөт деген бүткөн. “Акаев бара алабы-албайбы” деген суроонун өзү сабатсыз. Бирок Конституциялык сот кээде өзүнүн билгенин жасап койгон учурлар да жок эмес. Ошентсе да бул жолу андай кылууга негиз жок. "Бара албайт" деген бүтүм болот деген ойдомун.

Президент Аскар Акаевдин өзү болсо шайлоого дагы бир ирет барууга Конституция жол бербесин бир нече жолу билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG