Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

КЫЗЫЛЧАЧЫЛАР КАНТ ЗАВОДДОРГО ҮМҮТ АРТУУДА


Чолпон Орозобекова , Бишкек Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасы былтыркыдан бир кыйла аз айдалган. Эксперттердин баамында, Чүй өрөөнүндөгү «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» кант заводдорунун дыйкандардын кызыкчылыгына кол шилтеген мамилеси дал ушул кырдаалга кептеди. Кыргыз өкмөтү канттын кымбатташына жол бербеш үчүн быйыл дыйкандар менен кант заводдору ортосунда өз ара түшүнүүчүлүктү орнотуу жана чет өлкөлөрдөн кант троснигин сатып келүү өңдүү чараларды сунуштап жатат.

Былтыр дыйкандар 800 миң тоннадан ашык кант кызылчасын алышкан. Бирок түшүмдүн берекесин көрө албай, кант заводдорунун босогосун сагаалап кор болушкан. "Кошой" жана Кайыңды кант заводдору дыйкандардан кызылчаны болушунча арзан жана канттуулугун төмөндөтүп алганга аракет кылат. Дал ушул жерден нааразычылыктар күч алып отурат.

Жакында эле дыйкандар мамлекет башчыга чейин кат жазышты. Кант заводдор эртелеп дыйкандар менен келишим түзүп, эки жак тең ичи оорубагыдай бааны бычып, келишимдин шарттарын завод жетекчилиги так аткаруусун каалашат. Дыйкандардын талабы болгону ушулар.

Премьер-министр Николай Танаев ишемби күнү Чүй өрөөнүндөгү эки кант заводду кыдырып чыкты. Завод кожоюндары алгач кызылчанын тоннасы үчүн быйылкы бааны 950 сом деп бычышкан. Мындай баа менен дыйкандардын эмгеги талаага кетери дайын. Премьер-министрдин айтымында, өкмөт буга жол бербейт болчу:

- Завод директорлору менен бааны көтөрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 950 сом болгондо дыйкан чарбалардын күнү бүтмөк. Келишим түзүү боюнча маселе жолго коюулду. Кошой ишканасы, мисалы, келишимдерди түзө баштады. Кошой быйыл өндүрүштү кеңейтти, эми узун кезектер болбойт деп ойлойм. Таластан Чүйгө кант кызылчасын ташып келиш керек. Казак темир жолу менен төлөмдөрдү азайтуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Быйыл кант кызылчасы былтыркыдан эки эсе аз болору күтүлүүдө. Демек, кант заводдору ишсиз калышы ыктымал. Эң башкысы - шекер кымбаттап, кыргыз рыногун Кытайдын шекери басары анык.

Николай Танаев бул кырдаалдан чыгыш үчүн чет өлкөдөн кант троснигин ташып келүүнү сунуштады:

- Былтыр кант заводдор 5 ай иштеди беле, Быйыл 3 ай гана иштейт экен да. Жумушчуларды эки ай эрте эс алууга кетиришет. Шекердин кыбматтабашына жол бербей, четтен кант троснигин алып келе башташ керек,- дейт Николай Танаев.

Айыл чарба министри Александр Костюктун айтымында, кант тросниги арзан болгондуктан Кыргызстанга алып келүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. АКШ, Куба өңдүү өлкөлөр менен келишим түзүп, кант троснигин алып келе турган ишканаларга өкмөт жол чыгымдарынан жеңилдиктерди караштырып көрмөкчү.

Премьер-министрдин көзүнчө завод жетекчилери дыйкандардан кызылчанын тоннасын 1200 сомдон кемитпей кабыл алууга убада беришти. Кайыңды- Кант заводунун директору былтыркы каталар бизге сабак болду дейт.

Эки завод тең ушул аптада дыйкандар менен келишим түзүлө башталаарын, былтыркыдай учу- кыйырсыз кезектер болбойт деп сөз беришти. Бул убадалар завод жетекчилигинин тоңмоюн мамилесинен чарчаган дыйкандарды кубандырган жок.

Чүйлүк дыйкандар завод менен келишимге кол коёр күндү зарыгып күтүп атышат. Жайыл районундагы "Келечек" дыйкан чарбасынын башчысы Турдубек Асылбеков заводдор дыйкандарга мамилесин оңдобосо бара-бара кант кызылчасы Кыргызстанда айдалбай калышы ыктымал дейт.

XS
SM
MD
LG