Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн кабарына караганда, өлкөнүн түндүгүндө согушкерлер менен болгон кагылыштан үч полиция кызматкери каза тапты. Согушкерлердин огунан бир жергиликтүү тургун да мерт болгон. Кийинчерээк башкалаа Эр-Рияддан 340 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Бурайда шаарынан ошол шектүү 7 согушкер камакка алынды.