Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Иракта терракттар менен уруштар уланууда


Түндүктөгү Талль-Афер шаарында америкалык аскерлер менен согушкерлердин бүгүнкү кагылышуусунан үч адам мерт болду. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, башка дагы 9 киши жаракат алган. Ушул эле жерде кечээ америкалык, ирактык аскерлер менен козголоңчулардын кагылышуусунан 13 адам өлүп, 50дөн ашууну жарадар болгон.

Бүгүн Багдадда АКШ аскерлери шийит динаятчысы Моктада ас-Садрдын согушкерлери менен кагылышты, анын кесепеттери жөнүндө маалымат түшкөн жок. Ал эми АКШ аскерлеринин Багдаддан 40 чакырымча түндүктө жайгашкан базасынын сыртында автоунаанын жарылуусунан бир америкалык жоокер, эки ирактык жаракат алды. Бакуба шаарында да бүгүнкү жарылуудан төрт ирактык жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG