Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Бесландагы барымтага байланыштуу үч адам кармалды


ИТАР–ТАСС агенттиги Түндүк Осетиянын ички иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме берип кабарлаганына караганда, ал үчөө тең Бесландан кармалган жана учурда көрсөтмө беришүүдө. Ал эми Бесландагы мектепте үч күнгө созулган барымта кризисинин натыйжасында курман болгондордун саны бүгүнкү күнгө карата 338ди түздү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жаракат алган адамдардын кээ бирлери ооруканада көз жумган. Бүгүн Бесланда каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу боюнча алгачкы жөрөлгөлөр өттү. Өмүрүнөн айырылгандардын көпчүлүгү террорчулар мектепти жардырганда, урандылардын алдында калып каза тапкан, алардын жарымы балдар.

Мындан сырткары 700дөй киши жаракат алган, дагы 200дөн ашуун адамдын дайыны белгисиз. Барымта кризиси жума күнү орус аскерлери имаратка чабуул койгон соң аяктады. Бийлик өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, өлтүрүлгөн жыйырма алты согушкердин ону арабдар. Бүгүн Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиев кызматынан чегинүүгө арыз берди.

XS
SM
MD
LG