Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Орусия аза күтүүдө


Орусиялыктар бүгүн жана эртең Түндүк Осетиянын Беслан шаарчасындагы кандуу зобунда курман болгон адамдарды эскерип аза күтөт.

Кечээ күнү Беслан шаарчасында кызыл кыргындын курмандыктарын жайга берүү башталды. Соңку маалыматтарга караганда, үч күндүк кандуу булоондо 338 адам набыт болгон. Жарадар төрт жүздөн ашуун адам ооруканада жатат. Дагы 200дөй адамдын тагдыры белгисиз.

Орусиянын башкы прокурорунун орун басары Сергей Фридинскийдин билдиришинче, Беслан мектебин барымтага алууга катышкан 32 террорчунун 30у жок кылынган.

Кызматтан бошотууну өтүнгөн Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиевдин арызы канааттандырылган жок.

XS
SM
MD
LG