Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

ОРУСИЯ АЗА КҮТҮП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Прага Акыркы маалыматтарга караганда, Бесланда барымтага алынгандардын 335и каза тапты. Жекшембиде аларды жерге берүү тажиясы башталды.

Орусия Беслан шаарындагы барымта кризисинен дале эсине келе элек. Барымтадан бошоп, ооруканаларга жаткырылгандардын арасында оор абалдагы адамдар көп, жарык дүйнө менен коштошуп жаткандардын саны да улам өсүүдө.

Жекшембиде түштөн кийин Түндүк Осетиянын ырасмий өкүлдөрү өлгөндөрдүн саны 335 адамга жеткенин кабарлашты. Алардын дээрлик жарымысы - балдар. Ошол эле учурда, ооруканаларда дагы 700дөн ашуун адам калууда. Алардын көпчүлүгү оор абалда.

Барымта окуяларынан каза болгондорду акыркы сапарга узатуу 5-сентябрда башталды. Ал күнү 22 адам жерге берилди. Дагы бир канча жүздөгөн адамды көмүү улантылууда.

Өлгөндөрдү жерге берүү үчүн табыт жасаган ишкананын жетекчиси Солтан Тзавредов буга чейин мынчалык көп өлүктү көрө электигин айтат:

- Биз мынчалык көп табыт жасап көрө элекпиз. Менимче, дегеле, бул өңдүү трагедия боло элек болсо керек.

Өлгөндөрдү көмүү башталган күнү Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиев өз ыктыяры менен кызматынан кетээрин билдирди.

Орус өкмөтү барымтага алынгандарды бошотууда аталган министрликтин ишин жогору баалаган, бирок Дзантиев “офицер жана жөн гана адам катарында бул чечимди кабыл алууга милдеттүмүн” – деп эсептейт. Бирок анын отставкасы кабыл алынган жок.

XS
SM
MD
LG