Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Кыргыз окурмандарынын бестселлерине айланган бир катар китептердин автору, жазуучу Зуура Сооронбаева 80 жашка чыгып отурат. Ал учурдагы кыргыз адабиятында чыгармачыл аялдардын ичинен алдына киши салдырбаган, эң таланттуу, прозаик жазуучулардын көрүнүктүүсү. Кыргыздын кыздары поэзияга жакын болот эмеспи. Бирок Зуура Сооронбаеванын өзгөчөлүгү - коомдогу көйгөйлүү, жүрөк өйүгөн, өкүттүү турмуш-жазмыштарды, түрдүү тагдырларды кагазга кара сөз түрүндө түшүргөн жазуучу.

Мындай өңүттөн караганда “Астра гүлү”, “Жетимдер” деген китептери жана “Сынган мазар” трагедиялуу пьесасы аркылуу кыргыз окурмандарынын бестселлерине айланган жазуучу Зуура Сооронбаева “Азаттык” радиосунун Бишкек студиясынын бүгүнкү мейманы:

-“Убакыт деген учкан куш тура”. Өмүрдү Жараткан жөн берген жок, талант менен кошо берди. Мына сексенге чыгып, сексен бир жашка карап калдым. Менин элиме жүзүмдү ачкан “Астра гүлү” болду. Бул менин алгачкы чыгармам. Андан кийин “Жетимдер” дегенди жаздым. Окурмандар жакшы кабыл алды. Андан кийин “Акчач аял”, “Андрей” сыяктуу көптөгөн повесттерди жаздым. Ушулар менин зоболомду көтөргөн чыгармалар болду. Тагдырыма, ушул чыгармаларыма ыраазымын. Китептерим, чыгармаларым аркылуу эл кадырына татыдым.

Зуура Сооронбаева биз менен болгон маегинде өзүнүн өмүрү, чыгармачылык жолуна тотколду. Ал 1924-жылы 15-августта Ысыккөл облусунун Аксуу районунда жарык дүйнө келген. Чыгармачылык ишти “Ысыккөл правдасы" гезитинде журналист болуп, баштаган.

Сексен жаштан сексен бир жашка караган Зуура эже өзү айткандай, роман жазып, чыгармачылык жанрда бурулуш жасаган убак 70 жаш курак болгон экен дейт. “Чоочун киши” “Арман” аттуу романдары жазуучунун кайратына кайрат кошту белем, учурда ”Ата да Мекен, эне да Мекен” деген эскерүүлөр жыйнагынын үстүндө иштеп жатканын айтты. Карылык желкеден ныгырып турса да 80 жаш курактагы аялдын бул сөздөрү, баштан кечирип жаткан жазуучулук тагдыры өмүрдү өжөрлүк менен уланткандай таасир калтырат. Ал сөзүндө мындай деди:

-Мен жаш күнүмдөн оорукчан болдум. Тагдырым да кыйчалыш, оош-кыйыш татаал келди. “Чочун киши” романым мени дагы бир жолу элге жаңырта көрсөттү. Ошондон улам менин чыгармаларым мага кайрат берип, көптөгөн чыгармалардын жазылышына түрткү болду белем, көп ооруганыма карабай китептер жазылды, окурмандардын сүрөөсү өмүрүмө өмүр улап койду ойшойт. Ошентсе да бүтө элек чыгармаларым көп. Замандын тартыштыгынан улам мынтип, көптөгөн китептерим басылбай, кол жазмаларым колума кайтарылып берилди. Алар союз убагында басуу планына киргизилген эле. Кантсе да айрым чыгармаларымдын баш-учугун таап, ирээттеп койгонге жетсем экен деп, кудайдан тилеп отурам. Мунусу эмне эле деп, ачык-чачык калбаса экен деген эле аракет.

Айтмакчы, чыгармачыл аялдардын ичинен прозаик гана болбостон драматург катары “Махабат жана байлык”, “Өрттүү таң”, “Баян” жана “Эркек колукту” деген пьесалары менен да таанымал. Кезинде “Сынган мазар” пьесасы Москвада коюлган, Ал убак жазуучу айымдын өмүрүндөгү жакшы күндөрүнүн бири катары эсинде калганын айтты:

-Илгери жетекчилер театрга келип, жаңы пьесалардын бет ачарын көрүшүп, ой-пикирлерин айтышчу. Бакы Өмүралиевдин “Тагдырдын өгөй балдары” деген трагедиясы коюлуп калды. Ошондо бир жетекчи аял: ”Зуура Сооронбаевна тагдырдын өгөй балдары согуш учурунда болгон. Бирок байпагыбыз манат болгону менен тагдырдын өгөй балдары бүгүн да бар. Ошону жазыңыз деп калды. Мен “Тагдыр” деген пьеса жаздым. Турмуштун көйгөйү, азыр мына таштанды балдар көбөйүп жатат. Кыздардын, жигиттердин махабатка жеңил караганы тууралуу жазылган. Бирок режиссер Акылбек Абдыкалыков атын “Сынган мазар” деп койду. Москвада коюлду. Ошол жерде бир Тажидин Юлдашев деген Кыргызстандык жигит учакка билет алып, жөнөөр алдында, афишаны көрүп калып, калганын айткан. Менин чыгармамды жакшы көрөрүн билдирип, чоң суммада акча тартуу кылганы эсимден кетпейт. Азыр жеке акчага чыгарылган китептер жайнап кетти. Китебиң чыкпай турса жазгың да келбейт экен.

Айтмакчы, чыгарма өзүнөн өзү жарала калбайт. Тынымсыз, уйкусуз изденип, эмгектенүүнү талап кылат. Анынсыңарындай, “жакшы чыгарманы жаратуу эчен күндөр-түндөр толгоо тартып, бала төрөгөнгө барабар" дегендей, мыкты чыгарма жан дүйнөнү жарып чыгат эмеспи.

Чыгармачыл айым катары Зуура Сооронбаева элдин, мамлекеттин сыйына ал көзү тирүү кезинде эле татыган. Ага ыраазы болгонун да айта кетти:

-Мен "Кыргыз эл жазуучусу", "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамдарды алдым. Мындан сырткары мен окуган мектепке жана шаар ичиндеги бир көчөгө атым берилди. Сооронбаева деген фонд түзүлгөн. Бул тирүү кезимде түйшүктүн үзүрүн көргөндөй болот экен.

Зуура эже маркум болуп кеткен Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Айым Айтбаева, Нуркамал Жетикашкаева, Шатман Садыбакасов, Сагындык Өмүралиев сыяктуу улуу инсандарды эске салуу менен Жалил Садыков, Эрнис Турсунов, Сооронбай Жусуев, Гүлсара Момунова, Меңди Мамазаирова, режиссер Акылбек Абдыкалыков өңдүү белгилүү жазуучу, акындар менен замандаш болуп калганыма бактылуумун деди.

Зуура Сооронбаева жазуучу катары гана бааланбастан, турмушта оор басырыктуу, турмуштун кандай кырдаалында болбосун өзгөрбөгөн, адамгерчилиги ченемсиз айым катары да бааланат. Эмне демек элек, бар болуңуз деп, Зуура Сооронбаеванын 80 жаш курагына куттук айтабыз.
XS
SM
MD
LG