Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

ОРУСИЯДАГЫ ОКУЯГА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ БАШТАГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Султан Раев, Бишкек Түндүк Осетиядагы террордук акт дүйнөлүк адамзат тарабынан катуу айыпталып жатат. Серепчилердин баамында окуя тарыхтын катаал барагы катары бааланууда. Жалпы дүйнөлүк коомчулуктун нааразылыгын туудурган бул террактыны Кыргызстандын эли айыптоо менен бирге, бүткүл Орусиянын аймагында жарыяланган эки күндүк караан күнгө карата өздөрүнүн көңүл айтуусун билдирүүдө.

Дүйнө мындай мыкаачылыкты баштан кечирип, адам баласы мындай мыкаачылыкка бара ала тургандыгына азат бою тик туруп, кайгынын алдында калды. Бул тирукмуш мыкаачылыкты дүйнөлүк коомчулук текши айыптап, бул дүйнөнүн кызыгы баланын бир тамчы көз жашына татыбайт деген улуу орус жазуучусу Достаевскийдин кеменгер сөзү кайрадан эсибизге келет. Бул тарыхтын эң аянычтуу кара барагына карата өз сөзүн Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов мындай билдирди:

- Бул күндө тарыхтын дагы бир абдан терс, адамзатка абдан чоң сыноо көрсөткөн азаптуу окуя болду. Азыркы цивилизациянын деңгээлинде ушундай мыкаачылыктар, зөөкүрлүктөрдүн пайда болушунун эмне себеби бар? Азыркы заманага туура келбеген ыкластар үчүн, Кудайга сыйбаган, адамгерчиликке да сыйбаган максаттарга жетиш үчүн аракет кылышты. Кандай гана максаты болбосун, дини болобу, саясаты болобу, жер талашабы - эч качан мындай жол менен өнүгүүгө, маселе чечүүгө мүмкүн эмес. Буга жол бербешибиз керек.

Чындыгында эле адам баласынан колунан ушундай айбанчылык, болгондо да эч кандай күнөөсүз наристелерге, болгондо да биринчи жолу мектеп босогосун аттап жаткан балдарга ок атуу эч бир акылга сыйбаган окуя. Беслан трагедиясында 338 бейкүнөө адамдар, анын көпчүлүгү мектеп окуучулары, террористтердин колунан курман болду. Бул окуяны мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү педагог Ишенгүл Болжурова:

- Эмнегедир бизге адамзат Пандоранын сандыгын ачкандай эле бир абалда калгандай болуп атабыз. Мени бушайман, беймаза кылып аткан бир нерсе - бул Орусиянын жообу, кандай бир чараларды кабыл алат экен деп ойлоносуң. Күчкө күч десе, же болбосо өч алабыз десе дагы эле күнөөсүз адамдардын каны төгүлөбү деп ойлойсуң.

Терроризмдин улуту да, дини да болбойт. Орусиянын аймагында жүрүп жаткан терроризмди кайсы бир дин менен, улут менен байланышта кароо туура эмес. Терроризмдин душманы адамзат, алар анын динине да, улутуна да карабайт дейт байкоочулар. Мына ушул ойду Эл аралык дин эркиндиги уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси, Кыргыз эл депутаты Алишер Сабиров айтат:

- Ислам табиятынан терроризмди айыптайт. Террордун туусун көтөргөндөр мусулман деген атка татыксыз.

Басма сөз каражаттарынын билдирүүсүнө карата бул террордук топтун исламдын желегин жамынып алып, адамдын аң-сезимине жукпаган мыкаачылыкка барып жатышын белгилүү дин ишмери, шейх Аллаудин Мансур айыптады:

- Террордун эң биринчи душманы ислам болот. Исламды жамынып алып ушундай иштерди жасап аткандар исламдын душмандары. Ошон үчүн алардын айыбы менен исламды айыпташ бул туура эмес деп эсептейм.

Бүгүн Орусияда жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Дүйнө эли менен бирдикте миңдеген кыргызстандыктар да мындай кулак угуп, көз көрбөгөн террордук актыны айыптоо менен дүйнөнү күйгүлтүккө салган терроризмге каршы күрөшүүдө бүткүл адамзаттын бирдиктүү күчү, темирдей бекем эрки керек деп эсептешет. Ошондой эле адамзатка каршы жарыяланган согушта эч ким, эч качан четте турбашы зарыл, күч бирдикте болсо жеңиш да ошол тарапта деп баалашат кыргызстандыктар.
XS
SM
MD
LG