Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

7-сентябрда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо кызматынын билдирүүсү боюнча, 7-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында күндүз кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32 градус ысык.
ТАЛАСТА түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда +9…+14, күндүз +20…+25 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында абанын түнкү температурасы +15…+20 градус жылуу болсо, күндүз +27…+32 градус ысык болушу күтүлөт.
Ал эми НАРЫН аймагында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26 градус.
БИШКЕК шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28 градустан +30 градуска чейин ысык болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG