Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Ошто күйдүргү күч алды


ОШ. Күйдүргү оорусунун жайылуу коркунучуна байланыштуу Ош облусунда чектелген режим киргизилди. Бул кырдаалга байланыштуу Ош шаарын, Карасуу, Ноокат райондорун тейлеген мал базарлар соңку жекшемби күнү жабык болду. Бирок сатармандар менен алармандар базар айланаларында кадимкидей сатык иштерин жүргүзүштү. Аталган шаар, райондордун базарларындагы эт дүкөндөрү да толук дезинфекцияланып, ремонттолуп жатат. Акыбал жакшы болсо чектелген режим 10-сентябрда алынат деп билдирди Ош облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан.

Күйдүргү оорусу салыштырмалуу көбүрөөк тараган Араван районунда болсо мал союуга, эт дүкөндөрүндө, касапканаларда эт сатууга азырынча уруксат жок. Той, тажияларда мал доктурдун катуу текшерүүсүндө гана мал союуга уруксат берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG