Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Оппозициячыл партия өз талапкерлерин көрсөтө баштады


БИШКЕК. Кыргызстан демократиялык кыймылы саясий партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган мүчөлөрү расмий каттоодон партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкер эмес, өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары өтүшөт. Партиянын саясий кеңеши мына ушундай чечим кабыл алып, шайлоого катыша турган мүчөлөрүнө ушундай көрсөтмө берди. Бул тууралуу бүгүн партия төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим кабыл алууга ар кандай басымдар себеп болду. Партия Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн 7 талапкердин атын атады. Бирок алардын үчөө каттоодон партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары өтүшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG