Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Жаңы паспорттор жыл аягына чейин берилбейт


БИШКЕК. Быйылкы жылдын аягына чейин Кыргызстандын атуулдарына жаңы үлгүдөгү паспорттор берилбейт. Мындай маалыматты премьер-министр Николай Танаев бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспортторду атуулдарга берүүдөн мурун аларды чет мамлекеттердин таануусу зарыл. Ал үчүн тышкы иштер министрлиги ушул айдын 15инен тарта дүйнөдөгү 170 мамлекетке паспорттордун үлгүлөрүн жөнөтөт жана алардын тааныган билдирүүсү кеминде 3-4 айдан кийин келиши мүмкүн. Ал эми башкы документи жок калган атуулдарга 1994-жылдагы паспортторду берүү жөнүндөгү өкмөттүн токтому чыгарылып, аларды берүү мөөнөтү 1-декабрга чейин узартылды. Эски үлгүдөгү паспорттор болсо чет өлкөдөгү элчиликтерден жана башка мекемелерден чогултулду. Ал эми Тышкы иштер министрлиги өлкө ичинде гана колдонулуучу жеке инсандыкты билдирген карточкалар менен коңшу мамлекеттерге каттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG