Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Регионалдык жолугушуулар болот


БИШКЕК. 9-сентябрда Бишкектеги «Ысыккөл» мейманканасында «Граждандык көпүрөлөрдү куруу» аттуу регионалдык жолугушуулар башталат. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму менен АКШнын Чыгыш Европадагы демократия институту уюштуруп жаткан бул иш чарага Борбор Азия мамлекеттеринин, Азербайжан, Грузия, Россия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Жолугушуулар 10-12-сентябрда Ысыккөлдүн жээгиндеги «Аврора» пансионатында уланат. Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, жолугушууда адам укугу, демократия, граждандык мамилелерди чыңдоо, коррупцияга каршы күрөш, дин боюнча талкуулар болот.

XS
SM
MD
LG