Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Инвестициялык жаңы матрица талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн чет элдик инвестицияны тартуу боюнча консультативдик кеңештин жыйыны болуп, төртүнчү инвестициялык матрицанын ишке ашырылышы тууралуу премьер-министр Николай Танаев отчёт берди. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бешинчи инвестициялык матрицанын долбоору менен тааныштырды. Анын билдирүүсү боюнча, ал негизги төрт багытты, тактап айтканда, экономиканы кайра жөнгө салуу, инвестициянын келишине өбөлгө түзө турган салык саясатын жүргүзүү, укуктук базаны түзүү жана инвестициялык марткетинг жүргүзүү милдетин алдыга коет.

Оторбаев ошондой эле тышкы инвесторлорду мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупция, соттордун күтүүсүз чечимдерди чыгарышы жана салыктын көптүгү чочутаарын билдирди. Жыйында бешинчи матрицанын долбоору жактырылды, эми ал президенттин жардыгы менен бекитилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG