Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Акыйкат башкаруу боюнча кеңештин жыйыны болду


БИШКЕК. Бүгүн Акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңештин жыйыны болду. Анда премьер-министр Николай Танаев административдик реформаны ишке ашыруунун мындан аркы чаралары жөнүндө маалымат берди.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов соттордун этикасын бузган жергиликтүү судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, сот актыларынын бирдиктүү базасын түзүп, аны маалымат каражаттарына жарыялоо жөнүндө доклад жасады.

Консультативдик кеңештин катчылыгынын башчысы Кубанычбек Өмүралиев мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун стратегиясын ишке ашыруу чараларынын долбоору жана кеңештин жыл аягына чейинки иш планы тууралуу маалымат берди. Жыйын президент Аскар Акаевдин төрагалыгы астында өтүп, журналисттер киргизилген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG