Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:13

Йорданиялык делегацияны төрагалар кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Иордания падышалыгынын парламентинин төрагасынын орун басары Али Абу Сукар жетектеген делегацияны кабыл алды. Делегация адегенде Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин кабыл алуусунда болду. Анда йорданиялык капиталды Кыргызстанга тартуу, студенттерди алмашуу жөнүндө сөз болду. Али Абу Сукар жетектеген топ менен андан соң Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жолугушту. Шейшемби күнү йорданиялык делегацияны өкмөт башчы Николай Танаев кабыл алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG