Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн маалыматын укту


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык абалы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Жалпы кырдаал боюнча премьер-министр Николай Танаев маалымат берип, өкмөт мүчөлөрү менен бирге депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анын билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын макроэкономикалык абалы туруктуу. Быйыл инфляциянын деңгээли 0,8 проценти түзүп, АКШ долларына карата сомдун наркы 0,3 процентке өстү. Өткөн алты айда бюджеттин киреше бөлүгү 100 процентке орундалып, 11 миллиард 969 миллион сом чогулду. Өткөн жылга салыштырмалуу тикелей инвестициянын көлөмү жарым жылда 51 процентке, экспорттун көлөмү 44 процентке көп болду. Пенсия, жөлөкпул боюнча карыз жок, айлык өз убагында берилип жатат.

Депутаттарды өкмөт башчынын мындай маалыматы канааттандырбай, ар бири өз округунан көрүп келген көйгөйлөр боюнча суроо беришти. Алардын көпчүлүгү мектеп, жол, айыл чарба продукцияларын сатуу жагдайында болду. Талкуу эртең дагы уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG