Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

ТҮРКМӨН КӨЛҮ СУУ ПРОБЛЕМАСЫН ЧЕЧЕ АЛАБЫ?


Түркмөнстан аймагынын дээрлик 80 процентин чөл түзөт. Суу проблемасын чечүү үчүн Ашгабад эки ири долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Атап айтканда, чөлдүн ортосунда Түркмөн көлү курула баштады. Экинчи долбоор боюнча баш калаада 12 километрлик өстөн казылмакчы. Борбор Азияда суу ресурстары чектелүү болгондуктан, Түркмөнбашынын жаңы пландары региондогу кошуналарды тынчсыздандырбай койбойт.

Каракум каналы Түркмөнстандын түштүк аймагындагы пахта жана эгин аянттарын сугарат жана өлкө калкынын көпчүлүгүн суу менен камсыздайт.
Будапештте жайгашкан “Ачык коом институтунун” Түркмөнстан боюнча долбоорунун директору Эрика Дэйли каналдын маанисин мындайча түшүндүрөт:

- Каракум дүйнөдөгү эң чоң ирригациялык канал. Ал Түркмөнстандын айыл чарбасы, өнөр-жайы үчүн өтө маанилүү. Чөлдү адам баласынын жашоосуна ыңгайлаштырууда каналдын ролу эбегейсиз. Өлкө аймагынын 4 проценти гана айдоого жарактуу. Айдоо аянттары дал ошол Каракумдан сугарылат.

100 жылдын ичинде Борбор Азиянын калкы дээрлик 10 эсе өстү. Албетте, сууга болгон муктаждык да улам жогорулап баратат. Өзгөчө чөлкөмдөгү эң кургак өлкө болуп эсептелген Түркмөнстанда. Ашгабад өкмөтү суу проблемасын чечүү үчүн болуп көрбөгөндөй пландарын ишке ашыра баштады. Президент Ниязов бул долбоорлорду жумурияттын келечеги үчүн өтө маанилүү деп атады:

- Мен келечек муундар үчүн түркмөн көлүн куруп жатам. Анын курулушу 8 миллиард долларга бааланууда. Тилекке жараша Дашогуздун суулары көлгө ага баштады. Бул көл чоң деңиздей болот. Мен келечек муундар үчүн суу проблемасын чечип берем. Биз бул маселени чечип албасак, суунун тартыштыгына кабылабыз.

Түркмөнбашынын планына ылайык Түркмөн көлүнүн аянты 3 жарым миң чарчы километр болмокчу. Бул - Ыссыккөлдүн жарымындайын түзөт.

Көлдүн жардамы менен 4 миң чарчы километр айдоо жерлери пайда болот, аларга 450 миңдей тонна пахта жана 300 миңдей тонна эгин өстүрсө болот, - деп болжолдошот долбоордун авторлору. Көл түндүктөгү эң жакыр Дашогуз чөлкөмүндө курулмакчы. Курулуш иштери 2020-жылы аяктайт.

План боюнча көл майнап суу менен толукталып, Амударыядан же башка булактан кошумча суу алынбайт. Бирок долбоорго каршы чыккандар пайдаланылган суулардын көлөмү жетиштүү эмес деп эсептешет. Алардын пикиринде, көлгө корой турган акчаны Каракум каналын оңдоого жумшаган оң. Айрым маалыматтарга караганда, каналдын суусунун жарымы эле чөлгө сиңип жок болот.

Түркмөнбашынын дагы бир планы боюнча баш калаада өстөн казылмакчы. Ашгабадды аралап өтчү 12 километрлик өстөн Ниязовдун 66-туулган күнүнө карата, 2006-жылдын февралына чейин бүткөрүлүүгө тийиш. Курулуштун баасы болжол менен 63 миллион долларды түзмөкчү.

Түркмөнбашынын айтымында, бул идея Санкт-Петербург шаарынан алынган. Эми Ашгабадда да парк, фонтандар курулуп, шаар жашылдандырылмакчы.

Жогоруда айтылгандай, эки долбоорду тең сындагандар да жок эмес. Кээ бирлери Каракумду мисалга келтирип, канал проблемаларды чечмек турсун, кошумча баш оору жаратмагын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG