Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Төрөкул Дооров, Прага Беслан шаарында барымта окуяларынан каза болгондорго эки күндүк аза күтүү жарыяланды. Түндүк Осетиядагы барымта окуялары аяктаганы менен трагедия жөнүндө, проблеманы чечүүдө бийликтердин аракеттери туурасында дагы канчалаган суроолор жоопсуз калууда. Өлгөндөрдүн саны азырга чейин так айтыла элек. Барымта кризисинен кийин пайда болуп жаткан түшүнүксүз суроолорго жооп табылабы?

Орусиянын желектери түшүрүлдү. Элдер Түндүк Осетияда каза болгондорго аза күтүшүүдө. Ал эми өлгөндөрдүн туугандары Бесланда жакындарын акыркы сапарга узатып жатышат.

Бул учурда адамдар арасында эсин жоготуп, кайгыга баткан үндөр көп угулат.

- Эң жаман сезимдер. Менин эки бир тууган карындаштарымдын бирөөсү каза болду, экинчиси ооруканада. Дагы кандай сезимдер болот мындай учурда. Угуп жатасызбы? – адамдар ыйлап жатышат. Мына ушундай сезимдер… - дейт бир тууганынан айрылган Рустан.

Барымта окуяларында жакын адамдарын жоготкондорду “Бесландагы мектепте жума күнү негизи эмне болду эле?” деген суроо да кыйнап жаткандыгы айкын байкалууда.

Ырасмий маалыматтарда айтылгандарга ылайык, барымта кризисинен 330 адам өлгөн. Алардын жарымы – балдар. Дагы 500дөн ашуун адам ооруканаларда. Анткен менен окуядан 3 күн өткөнү менен, көптөгөн адамдар дале табыла элек жана алардын туугандары эмне үчүн жоголгондорду издөөдө мамлекет жардам бербейт деп кыжырланып жатышат.

Ал эми барымтачылар тууралуу да айтылып жаткан ырасмий маалыматтар так эмес. Алардын саны, канчасы өлгөнү, канчасы колго түшүрүлгөндүгү тууралуу да ырасмий маалыматтар карама-каршы. Кабарлар утуру өзгөрүп турат.

Орус бийликтери мектептеги барымтачыларга чабуулдун жасалышын зарыл чара катарында түшүндүрүштү. Анткени, алардын айтымында, эгерде чабуул жасалбаганда, балким, баардык адамдар өлтүрүлмөк.

Бирок орусиялык аскерий эксперт Павел Фельгенгауер буга макул эмес. Анын оюнда, бул жолу да орус бийлиги элден чындыкты жашырып, бул жолу да 2002-жылы Дубровкадагы окуялар сыңарындай эле, кризисти күч менен чечүүгө ашыкты:

- 1-сентябрда мектепте адамдарды барымтага алышкандан тарта, окуянын биринчи күнүнөн тартып, орус бийликтери элди атайылап алдап келишти. Мисалы, алар биринчи күнү мектептин залында 300дөй адам бар дешкен, кийин ал жерде 1000ден ашуун адам барымтада экендиги маалым болду. Андан сырткары, орус бийликтери барымтачылар сүйлөшүүлөрдөн баш тартып жатышат дешкен болчу. Чынында, куралчан адамдар эмес, орус бийликтери алар менен сүйлөшүүдөн баш тартышкан. Бул эле эмес, бийликтер “барымтачылар эч кандай талап коюшкан жок” деп билдирип жатышты. Бирок чынында куралчандар талабын билдиришкен. Болгону президент Путин Чеченстандан орус куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча жардыкка кол коюп коюшу керек болчу, - дейт Павел Фельгенгауер, орусиялык аскерий эксперт.

Эксперттин айтымында, орус бийликтери чабуулга алдын ала мыкты даярданышканы абадан сокку урууга камынган вертолеттордун тез эле асманда пайда болушунан деле билинип турат.

- Мектепке чабуул жасалганда, абадан сокку уруу максатында имараттын үстүндө МИ-24 аскерий вертолету пайда болду. Эгерде бул окуя күтүүсүздөн эле болуп кеткенде, абада бул вертолет мынчалык тез арада пайда болмок эмес. Дегинкиси, Бесланга жакын жерде аскерий база бар, бирок ал базадан деле буйрук алып, аны ишке киргизип, келгенге чейин жок дегенде жарым саат убакыт өтүшү керек эле, – дейт аскерий эксперт Фельгенгауэр.

Барымта окуялары аяктагандан кийин жаралып жаткан башка суроолор да көп. Алардын арасында, мисалы, кантип барымтачылар көп курал-жарактарын мектепте бекитип кое алышкан? Кантип алар мектепке кире алышты? деп таңкалгандар аз эмес.

Буга чейин орус бийликтери барымтачылар, балким, жай мезгилинде жүргөн ремонт иштеринин убагында куруучулардын кийимин кийип алышып, куралдарын жашырып коюуга үлгүрүшсө керек дешкен болчу.

Дагы бир суроо: Түндүк Осетиянын ырасмий жетекчилигинин чатакты чечүүдө аракет жасабагандыгына байланыштуу. Көпчүлүк бесландыктар бул жолу Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушевди оозго алышат. Анткени ал кандай гана проблема болбосун сүйлөшүү аркылуу чече алган деп эсептешет бесландыктар. Ал эми Түндүк Осетиянын президенти Александр Дзасохов элден кечирим сураганга гана араң жарады:

- Мен баарыңыздардан кечирим сурагым келет. Анткени биз балдарыбызды, мугалимдерди жана ата-энелерибизди сактап кала албадык.

Негизи, суроолор көп, бирок аларга жакын арада жооп табылаары күмөн.
XS
SM
MD
LG