Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Флоридадагы бороон-чапкындын күчү кайта баштады


АКШнын бул штатынын тургундары аз-аздап үйлөрүнө кайтып жатышат. "Франсиз" деп аталган бороон-чапкын күчүн жоготуп, батышты көздөй жылып баратат. Анын алдында Флоридада 3 миллион чакты киши убактылуу көчүрүлгөн эле. Бул - штаттын тарыхындагы эң массалык эвакуация болуп калды.

"Франциз" Флориданын чыгыш жээгине жемшемби күнү эртең менен келип жеткен. Саатына 150 чакырым ылдамдыкта соккон шамал бак-тарактарды коңторуп, үйлөрдүн чатырларын жулуп, электр линияларын үздү. Катуу жааган жаандан көчөлөрдө сел жүрдү. Чыгымдар бир нече миллиард долларга жетет деп болжолдонууда. Курмандыктар тууралуу кабар болгон жок.

Мындан үч жума мурда Флоридада "Чарли" деген бороон-чапкын 25 кишинин өмүрүн алган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG