Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Индия менен Пакистан сүйлөшүү жүргүздү


Нью-Делидеги эки күндүк жолугушуу бүгүн аяктады. Кашмирдеги тирешүү талкууланган сүйлөшүүдөн кийин Индиянын тышкы иштер министри Натвар Сингх эки тарап "жупуну жылышка" жетишкенин маалымдады. Ошол эле убакта Кашмирге Пакистандан куралчандардын өтүп келип жатышына тынчсыздануу билдирди.

Исламабад өз кезегинде Кашмирде Пакистан исламчыл радикалдарды куралдандырып, машыктырат деген кинени четке кагып, Нью-Делини Кашмирде адам укуктарын сыйлабайт деп айыптады.

Эки тарап тең бүгүн өткөн жылы жетишилген убактылуу элдешүү келишимин узартууга макулдашышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG