Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Евробиримдик Түркиянын “кулагын сүйүнттү”


Европа Биримдиги октябрь айында Түркияны биримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр качан башталарын так айтат. Биримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Гюнтер Верхойген дүйшөмбү күнү Анкарада жасаган билдирүүдө:

- Корутунду адилет жана татыктуу болуш керек. Жыйынтык адилет, калыс жана татыктуу болот деп мен сиздерге сөз бере алам жана аны даярдоодо Түркиядагы орчундуу оң жылыштар да эсепке алынат. Биз айрым тармактарда кыйынчылыктар бар экенин, ошон үчүн реформанын аткарылбай жатканын жашырбайбыз.

Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл өлкөнүн саясый системасында кемчиликтер бар экенин ырастап, өкмөт реформаны токтотпой турганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG