Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

8-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат.


БИШКЕК. Синоптиктердин 8-сентябрга карата берген маалыматына караганда, бүгүн Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

ЧҮЙ облусунда абанын температурасы түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27 градус жылуу.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30 градус.
ТАЛАСТА +7…+12, күндүз +20…+25 градустун айланасында жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22.
НАРЫНДА түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн жана таңга маал кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу, Бүбүкан Досалиева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Реактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG