Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Бейөкмөт уюмдар кайрылуу кабыл алышты


БИШКЕК. Кыргызстандагы балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган беш бейөкмөт уюм премьер-министрге, Юстиция министрлигине, Акыйкатчыга жана Жогорку Кеңештин төрт комитетине кайрылуу жолдошту. Анда балдардын укугун коргоо абалына тынчсыздануусун билдиришип, ага балдардын укугун коргоо боюнча 80ден ашык мыйзамдардын бири-бирине карама-каршы келээри башкы себеп экендигин жарыялашты. Ошондой эле парламентти «Балдардын укугунун негиздери» жөнүндөгү Юстиция министрлиги сунуштаган мыйзамды карабоого чакырды. Бейөкмөт уюм өкүлдөрү балдардын укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамды даярдоо үчүн абалды терең иликтөө, бейөкмөт уюмдардын сунуш-пикирлерин мыйзамга киргизүү зарылдыгын жана кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG