Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Москва өкмөтү «Тамчы» аэропортун курууга акча сарптабайт


БИШКЕК. Орусиянын Москва шаарынын өкмөтү Ысыккөлдүн жэээгиндеги «Тамчы» аэропортун курууга катышпайт. Мындай маалымат бүгүн Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеевден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, Москва өкмөтү «Тамчы» аэропортун реконструкциялоо боюнча мурдагы сунуштарын аткара алган жок жана аэропортту кайра курууга кетчү чыгым эсептелгенден кийин ишти Кыргызстан өз күчү менен бүтүрүүсү ыңгайлуу экендигин билдирген. Ушундан улам «Манас» аэропортунун жетекчилиги былтыр 50 миллион сом сарптап, 2 миң 60 метрдик учуп-конуучу тилкени жаңыртып, терминал, телефон, канализация жана радиобайланыш тармагын жакшыртты. Азыр жумасына коңшу мамлекеттердин самолеттору алты жолу каттай баштады. Эми Жапониянын JICA агенттиги «Тамчы» аэропортун жакшыртууга 17 миллион долларлык грант берүү чечимине келди. Ага аэропорттун аэронавигация, жарык менен белги берүү жабдуулары жаңыртылып, терминал кеңейтилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG