Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Ташкенде чегара такталып жатат


БИШКЕК. Бул күндөрү Ташкенде кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз делегациясын сүйлөшүүдө тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жетектөөдө.

Ошондой эле Ташкенде «Кыргызгаздын» жетекчиси Автандил Сыдыков жетектеген делегация да жүрөт. Алар «Узтрансгаз» жетекчилиги менен сүйлөшүп, 2004-2005-жылга газ сатып алуу боюнча келишимге жетишүүгө аракеттенүүдө. Бул тууралуу «Кыргызгаздын» басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты. Өзбекстан Кыргызстанга бир нече ай мурун газ берүүнү токтоткон. Кыргызстан учурда Казакстанга багытталган газды алып жагууда.

XS
SM
MD
LG