Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Беслан трагедиясы эскерилди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде коомчулуктун өкүлдөрү Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы кандуу окуяга байланыштуу жыйналыш өткөрдү. Ага укук коргоочулар, Кыргызстан элдик ассамблеясынын өкүлдөрү катышты. Анда терроризм айыпталып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтылды. Жыйында орус президенти Владимир Путинге кайрылуу кабыл алынып, анда чечен согушун токтотуу үчүн президент Аслан Масхадов менен сүйлөшүүгө баруу зарылдыгы белгиленген. Бул кайрылуу жыйынга катышкан орус элчилигинин өкүлүнө тапшырылды.

Бүгүн Бишкектеги Кыргызстандын Орусия элчилигинде да Беслан трагедиясында каза болгондор эскерилди. Элчиликке премьер-министр Николай Танаев келип, Кыргызстан Орусия кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирди. Танаев ошондой эле Кыргызстанда да коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG