Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Ирактагы куралдуу кагылышуулар уланып жатат


Багдад шаарынын Садр Сити аймагында бүгүн куралдуу кагылышуу болуп, кеминде 15 адам набыт кетти, алардын ичинде америкалык бир аскер да бар. Кээ бир кабарлар боюнча, өлгөндөрдүн саны кырктан ашык. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин айтымында, 6-сентябрда болсо Багдаддын алдындагы жолдо бомба жарылып, америкалык 3 аскер курман болгон. Фаллужа шаарындагы кагылышууда ошол эле 6-сентябрда дагы америкалык 7 жана ирактык 3 аскер өлгөн.

XS
SM
MD
LG