Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Орусия президенти Владимир Путин Бесландагы барымта кризиси жана анын трагедиялуу жыйынтыгы боюнча ачык иликтөө жүргүзүү зарыл эмес деп эсептейт. Ал бул тууралуу чет элдик журналисттерге берген интервьюсунда билдирди. Путиндин айтымында, укук коргоо органдарынын иликтөөсү эле жетиштүү болот. Анткен менен Орусияда Бесландагы кан төгүүгө байланыштуу бийликтин сындаган үндөр көбөйүүдө.

Дүйшөмбүдө Санкт-Петербург шаарында Түндүк Осетияда орун алган соңку террор аракетине каршылык билдирген нааразылык акциясына 40 миңдей адам катышты. Шейшембиде Москвада да ушундай эле максаттагы митингге оң миңдеген адамдар жыйналды. Орусиялыктардын айрымдары Бесландагы трагедиянын адамдын писихологиясына тийгизген таасирин АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террактар менен салыштырышууда.

Ал эми орус бийликтери калкты террорго каршы айоосуз күрөштө өкмөткө катарлаш турууга үндөө менен адамдардын сезимин өз тарабына тартууга аракеттенип жатат. Санкт –Петербургдагы демонстрацияга катышкан кинорежиссер Алексей Герман өңдүү айрым адамдар өкмөттүн чакырыгын кабылдоого даяр сыяктуу:

-Качан баары бүтүп, адам октон бала менен коргонууга өтүп, кетип атып анын кекиртегин кесип жатса, андайлар өлтүрүлүш керек. Себеби биздин жаза өтөө системабыз жакшы эмес. Алар түрмөдөн коркпойт, ал жакка күлүп барышат.

Анткен менен биринчи кезекте көптөгөн адамдар Бесланда эмне болгону жөнүндө Кремлден чындыкты уккусу келет. Алар кан төгүүгө алып келген жагдайга, бийлик тарабынан такталбаган, карама-каршы маалыматтардын берилишине ким жоопкер экенин билүүнү каалайт.

Сындын биринчи өңүтү Түндүк Осетия бийликтеринин дарегине айтылып жатат. Республиканын президенти Александр Дзасохов жеке өзү күнөөсүз балдардын, алардын ата–энелери менен мугалимдеринин өмүрүн сактап кала албаганы үчүн кечирим сурады.

Бирок "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Түндүк Оссетиядагы кабарчысы Татьяна Соболдун билдиргенине караганда, бул көпчүлүк адамдар үчүн жетишсиз. Шейшембиде республика башкалаасы Владикавазда болгон нааразылык жыйынга 1,5 миңдей адам катышып, анда жергиликтүү жетекчилерди отставкага чакырган сөздөр айтылды:

- Митингди өткөрүп жаткан демилгечи топ негизги талап катары республика жетекчилиги отставкага кетишин көтөрүүдө. Сөз алгандардын дээрлик баары трагедия үчүн республикалык бийликтерди айыпташты.

Журналисттердин маалыматтарына караганда, Түндүк Осетиянын президенти Александр Дзасоховду отставкага чакырган митинг дүйшөмбүдө Бесланда да болгон. Бирок президенттин администрациясынан мындай кабарды төгүндөштү.

Жалпы орусиялык деңгээлде массалык маалымат каражаттарынын ичинен өзгөчө гезиттер Бесландагы барымта кризисинин натыйжасы үчүн өкмөттү сынга алууда. Маселен "Московский комсомолец" гезити Бесландагы трагедияны соңку бир нече күндөн бери "Калптын хроникасы" деген рубриканын астында чагылдырып жатат. Анда бийлик өкүлдөрү тарабынан барымта тууралуу берилген баштапкы маалыматтар кийинчерээк калпка айланганы жөнүндө айтылууда.

Ал "Известия" гезитинин баш редактору Раф Шакиров Бесландагы окуялардын чагылдырышы гезит ээлерине жакпай калгандыктан кызматынан чегинүүгө мажбур болгону жөнүндө мындай дейт:

- Маселе "Известиянын" ишембидеги санына байланыштуу. Ал толугу менен Бесландагы террактка арналган. Материалдардын берилиш форматы боюнча гезит жетекчилиги менен пикир келишпестик болду. Алар материалдар өтө эмоцианалдуу жана плакатка окшоп калган, гезиттер мындайды жасабаш керек деп эсептешет.

"Известия" да Бесландагы барымта боюнча расмий жана бейрасмий булактардын маалыматтарын салыштырып, анализдеген эле.

Ал эми чет элдик журналисттер менен болгон маегинде Путин Бесландагы трагедия Орусиянын Чеченстандагы саясатына байланыштырылышына макул болгон жок. Аслан Масхадов баштаган чечен козголоңчулары Орусиянын аймагындагы соңку терракттарга тиешеси жоктугун айтып жатканы менен Путин аларга ишене албасын ачык эле ишара кылды. Путин ошондой эле аларды "бала өлтүргүчтөр" менен сүйлөшүүгө барууга үндөп жаткандарды айыптады.

Путиндин айтымында, Бесландагы трагедияны ачык иликтөө керек эмес, жабык эшик артындагы тергөө эле жетиштүү.

Айтор Орусия коомчулугу менен маалымат каражаттары президентти турумун өзгөртүүгө мажбурлай алабы же өлкө анын террорго каршы азыркы аракеттерин колдоону улантабы? Муну эми убакыт көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG