Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

ТАНАЕВ «ШАХИМАРДАН БИЗДИН АЙМАК» ДЕЙТ, ӨЗБЕК ТАРАП АГА МАКУЛ ЭМЕС


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 6-сентябрдан бери кыргыз өкмөтүнүн жыл башынан берки ишмердүүлүгү боюнча премьер-министр Николай Танаевдин маалыматын угуп жатат. Суроо-жооп иретинде уланган талкууда депутаттар тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн дээрлик бардык өңүттөрү козголду. Алардын катарында кыргыз-өзбек чегарасына байланышкан маселеле да бар.

Кыргыз-өзбек чегара маселеси Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы отурумунда Шахимардан аймагына байланыштуу козголгон. Депутат Исмаил Исаковдун пикирине караганда, жер эки мамлекет ортосундагы талаштуу чегара аймактарынын катарына кирбейт.

Анткени, бул курорттук жай Советтер Союзунун учурунда эч кандай документ менен негизделбестен эле Өзбекстандын жогорку жетекчилигинин эс алуусу үчүн берилген. Ошондуктан, бул аймакты талаш-тартышсыз эле сүйлөшүү жолу менен Кыргызстан өз карамагына алышы керек, дейт депутат. Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, Шахимарданды кыргыз тарап өзүнө алуу үчүн эки жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келатат:

- Биз Шахимардан биздин аймак экендиги жөнүндөгү маселени эки жыл мурда эле көтөрө баштаганбыз, - деди Танаев депутат Исаковдун суроосуна берген жообунда.

Кыргызстан менен Өзбекстан жеке эле Шахимардан эмес, талаштуу 77 жер боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Мамлекеттик тиешелүү кызматкерлер талаштуу жерлерди узак мөөнөттү жана сабырдуу мамилени талап кылган оор маселе катары баалап жүрүшөт.

Парламент мүчөлөрүнүн айрым бөлүгү болсо кыргыз өкмөтүнүн чегара проблемасына батыл кирише албай жаткандыгынын кесепетинен Кыргызстан тарап көбүрөөк жабыр тартып жатат дешет. Маселен, депутат Алишер Абдимомуновдун айтымында, Өзбекстан менен чектеш Араван районунун эли жерге, жолго, сууга байланыштуу тоскоолдуктарга тынымсыз кирептер болушат.

Ал эми депутат Бекназаровдун маалыматына караганда, Өзбекстан Аксы районунун аймагынан 400 гектар айдоо жерин мыйзамсыз эле пайдаланып жүрөт. Бул райондо 132 чакырым талаштуу жер бар. Айрым чегара чийини аркылуу өткөн кыргыз айылдарына азыр айрыкча оор болууда:

- 18 үй бүлөнүн азыр короосу Өзбекстанда, үйү Кыргызстанда, - дейт депутат, - Жашоого мүмкүн болбой калды. Ошол 18 үй бүлөнүн тагдыры эмне болуп атат. Өкмөт карадыбы ушуну? Биз коопсуздук комитетинин чечимин чыгарып жөнөттүк эле: же көчүрүп чыгарыш керек, же болбосо «силердин жарандар» деп Өзбекстанга тапшырыш керек деп. Ушул эмне болду?

Депутатат Бекназаров премьер-министрге өкмөт жагдайдан чыгуу үчүн кандай чара көрүп жатат деген суроо койду. Ага премьер-министр:

- Эгер биз аларды көчүрсөк, тиги тарап ал аймакты өзүнө таандык катары кабылдап калат. Ошондуктан, биз өзүбүздүкүн далилдөөгө, ар бир метрди далилдөөгө милдеттүүбүз.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегаранын 960 гектар жери кагазга түшүрүлүп, калган 250 гектар жери каттоого түшө элек. Ошондой болсо да делимитацияланган аймактар боюнча иш жүзүндөгү аракеттер талашсыз аймактар боюнча макулдашууга кол коюлуп, ратификацияланмайынча ишке ашпайт. Танаевдин айтымында, бул процессти ишке ашырууда тараптар таяна турган документтер боюнча кайчы пикирлер жаралууда:

- Биз чегараны 1955-жылдан тарта эсептөөнү ылайык көрөбүз. Өзбекстан болсо 1924-25-жылдан баштап саноону каалап жатат. 1955-жыл - биз үчүн ыңгайлуу. Ошондуктан өз оюбузда бекем турабыз.

Кыргыз-өзбек чегара маселесин биргелешкен комиссия ушул күндөрү Ташкенде талкуулап жатат. Кыргызстандык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева баштап барган:

- Азыр Ташкенде жумушчу топтор кайрадан чогулуп иштеп атышат, - деди өкмөт башчы парламентте кыргыз-өзбек чегарасына байланышкан маселе тууралуу маалымат берип жатып, - Келишсе көрөбүз. Бирок талаштуу аймактар боюнча (бул өтө олуттуу талаш жерлер) тиги тарап да макулдук бере элек. Процесс кандай болот, көрөбүз.

Ал эми бул маселе тууралуу Өзбекстандагы ой-пикирлер тууралуу Ташкендеги кабарчыбыз Айымкыз мындай маалымат жөнөттү:

Бул маселеге аныктык киргизүү максатында, Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Илхам Закиров менен байланыштык. Анын билдиришинче, 6-сентябрь күнү Ташкендеги «Саехат» конок үйүндө эки мамлекет өкүлдөрүнүн чегара делимитациясы боюнча сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок ал жерде бул маселе көтөрүлгөн эмес.

- Депутаттар эмнелерди гана айтышпайт. Балким алар Москва алдакачан Бишкекке тийиштүү болчу деп да айтышы мүмкүн.

- Шахимардан, Сох анклавтары совет доорунда алынган Өзбекстандын жерлери болуп эсептелет. Совет доорунда болгон админстративдик чегаралар өзгөрбөйт деген жалпы мыйзам-эрежелер да бар. Балким Танаев бул маселени үйрөнүп чыгабыз, талкууга алабыз деген сыяктуу жалпы бир жооп айткан болушу мүмкүн,/i>-дейт эксперт Камрон Алиев.

Маектешибиз Кыргызстан парламентинин так ушундай маселе коюшуна ишенүү кыйын,- деп өз сөзүн андан ары улантты:

-Бул маселе ошол жердеги бир улутчул же оппозициялык топтор тарабынан коюлуп аткан болушу да мүмкүн,-дейт Камрон Алиев.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG