Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН 11-СЕНТЯБРЬ


Террористтер Кошмо Штаттарында төрт учакты ала качып, алардын үчөөнү Нью-Йоркто жана Вашингтондо жардырганына үч жылдын жүзү болду. Төртүнчү учак Пенсилвания штатында талаага түшүп кыйраган. 2001-жылдын 11-сентябрындагы бул окуялар эл аралык терроризмге каршы чоң казатка түртү болду, бул казат бүгүн да уланууда. Антитерроризм согушунун жүрүшүндө Ооганстан менен Ирак бомбаланып, бийликтери алмашты, Испания, Өзбекстан, Саударавия өңдөнгөн ар кыл өлкөлөрдө бир катар чабуулдар орун алды.

2001-жылдын 11-сентябры күнгө шейшемби эле. Күз келип калса да, Нью-Йоркто таң эртеңден асман чайыттай ачык, күн ысык болчудай болуп турган. Нью-Йорктун тургундары бири ишине, башкалары окуусуна, айрымдары шаар акимин шайлоого баратышкан.

Бирок 8ден 46 мүнөт өткөндө капысынан өтө төмөн учкан учактын гүүлдөгөн добушу кадыресе турмуш ыргагын заматта бузуп жиберди. Элдер токтолуп, асманды карап калышты. Алардын көз алдында жүргүнчүлөрдү ташыган "Боинг" учагы 417 метр келген Дүйнөлүк соода уюумунун түндүк мунарасына барып урунду. Бийликтердин ишениминде Бостондон келаткан учактын рулунда Мохамед Атта дагы төрт барымтачы менен болгон. Учакта 94 жүргүнчү, экипаждын төрт мүчөсү бар эле. 110 кабаттуу имараттын 94-99-кабаттарында өрт алоолонуп, тозоктун отуна айланды. Ылдыйдагы көчөлөргө кирпич, таш, айнектин сыныктары жана мекеме кагаздары үстү-үстүнө жаап жатты.

Бир нече мүнөттөн кийин СиЭнЭн сыналгысы күйүп жаткан мунараны көргөзө баштады. Алып баруучу Кэрол Лин "Сиздер Дүйнөлүк Соода борборун көрүп турасыңар, бүгүн эртең менен түшкөн такталбаган маалыматтарга караганда, борбордун мунараларынын бирине учак келип урунду" деп айтып жатты. Нью-Йорктун полициясы жана өрт өчүргүчтөрү жапырт ишке тартылды, кырсык жайына тез жардам машиналары агылды. Бардык телеканалдар Соода Борборунан түз алып көрсөтө башташты.

Экинчи учак келип Дүйнөлүк Соода борборунун 415 метрлик түштүк мунарасына келип урунганда, АКШнын ЭйБиСи каналынын кабарчысы алласы оозунан түшүп, сөз таба албай калды. Саат тогуздан үч мүнөт өткөн эле, биринчи учак болгону 17 мүнөт мурда жарылган болчу.

Ошол эле Бостондон абага көтөрүлгөн, ичинде 53 киши болгон экинчи учакты беш барымтачынын басып алганын болжолдошот. Алдын-ала пландаштырылып, макулдашылган террористтик чабуул болуп жатканы айкын боло баштады.

Флорида штатында башталгыч мектепте балдарды өкмөт жаңы сунуш эткен китеп окууга кызыктыруу демилгеси менен тааныштырып жүргөн президент Буш ушул эле жерден чабуулдар туурасында алгачкы билдирүүсүн жасады:

- Мен вице-президент, Нью-Йорктун акими, ФБРдин директору менен сүйлөштүм, курмандыктарга жана алардын урук-туугандарына жардам көрсөтүп, бул чабуулду ишке ашыргандарды издеп-табуу боюнча кеңири иликтөө жүргүзүү үчүн, федералдык өкмөттөн бардык ресурстарды бөлүүгө буйрук бердим. Биздин элге каршы терроризм жазасыз калбайт.

Бирок чабуулдар али токтой элек болчу. 9дан 43 мүнөт өткөндө ичинде 63 киши болгон дагы бир учакты беш жанкечти барымтачы АКШнын Коргонуу департаментинин баш кеңсеси болгон Вашингтондогу Пентагондун имаратына айдап барып, урдурушту. Учактагылардан тышкары жерде 125 киши курман болду. Анын аралыгында, Нью-Йоркто өрткө чулганган эки мунара ысыкка туруштук бере албай урап түштү. Миңдеген киши жандарын ала качып, ого бетер кым-куут түшүп калышты, көчөлөрдү кою чаң каптады.

Биринчи мунара куланган чакта Пенсилваниянын үстүндө бараткан учак чакан шаардын жанына кулап түшкөн эле. Болжолу Нью-Йорктогу жана Вашингтондогу окуялар тууралуу чөнтөк телефону аркылуу билип алган жүргүнчүлөрдүн айрымдары барымтачыларды күч менен токтотууга аракеттенген, бирок алдары жетпей калган. Ошентип, ал учактагы 38 кишинин сөөгү да сөпөт болду.

Дүйнөлүк Соода Борборунда 2800дөн ашык киши, анын ичинде 343 өрт өчүргүч булоолонгон урандылардын алдында калды. Кийин, Нью-Йорктук өрт өчүргүчтөрдүн биринин ысмы Бишкектин жанындагы антитеррордук аскер базасына берилди.

11-сентябрда түш оогонго чейин АКШнын коопсуздук кызматтары террордук чабуулдун толук мерчемин аныктай алышкан жок. Дагы канча учактар уурдалганын, дагы кайсы жерде эмне балекет болуп кетээрин боолголоп болбойт эле. Президент Буш Луизианадагы аскер базасында экинчи билдирүү жасап, бүт дүйнөдөгү америкалык аскерлер жогорку даярдыкка келтирилгенин жарыялады.

Америкага чабуул жасалыптыр деген кабар жер шарына чагылгандай тарады. Дүйнө лидерлеринен биринчилерден болуп Орусиянын президенти Бушка телефон какты. Путин кийин теледен чыгып сүйлөдү:

– Бүгүн болгон окуялар Орусиянын терроризмге каршы күрөшүү үчүн эл аралык күчтөрдү бириктирүү сунушунун маанисин далилдеди. Терроризм эмне экенин Орусия өз тажрыйбасынан билет, ошондуктан биз америка элин жакшы түшүнөбүз.

Түштөн кийин президент Буштун Вашинтонго кайтышы али эрте деген чечим кабыл алынып, аны АКШнын Небраскадагы Аба күчтөр базасына жеткиришти. Террордук чабуул бир нече саат мурда гана орун алса да, маалымат каражаттарында аны "ал-Каида" террордук тобу уюштурду деп айтыла баштады. Уюмдун ана башы Осама бин Ладен Ооганстанда, талибдердин фундаменталисттик Ислам өкмөтүнүн канаты астында жашынып жүргөн. Кечки 9да Вашингтонго кайтып келген Буш Ак Үйдүн сүйрү залынан Американын элина кайрылуу жасады. Ал чабуулдардын уюштуруучулары табылат жана террористтер Американын улуу элин согушка гана шыктандырды деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG