Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын күн тартибиндеги эң биринчи карала турган маселелердин бири энергетика тармагын андан ары менчиктештирүү болууда. Өкмөт демилгечи болгон ал мыйзам долбооруна ылайык «Түндүкэлектр» акционердик коомун концессияга берүү болжолдонуп жатат. Бирок депутаттар арасында жана эл ичинде «Кыргызэнергону» буга чейин менчиктештирүү мамлекетке, керектөөчүлөргө кандай пайда алып келди деген суроо туулууда. Ага жооптор да бир жактуу эмес.

Өкмөттүн демилгеси менен энергетика тармагын андан ары менчиктештирүүгө ылайык биринчилерден болуп «Түндүк электр» акционердик коомун концессияга, башкача айтканда, башка чет өлкөлүк компаниялардын башкаруусуна берүү болжолдонуп жатат. Бирок ал үчүн өкмөт парламенттин макулдугун алышы керек. Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары тармакты андан ары менчиктештирүүгө макулдук берүүдөн мурда буга чейинки реформалардан кандай жыйынтык чыкканын угалы дешти:

- Менчиктештирүүнүн биринчи, экинчи этабы эмне берди? Ошону айтып беришсин… - деди депутат Ишенбай Кадырбеков палатанын күн тартиби талкууланган кезде.

Ал эми Орозбек Дүйшеев болсо тармактын ушундай банкроттук абалга жеткенин талдоо үчүн «Электр тармактар» ишканасынын директорлору кеңешинин төрагасы катары премьер-министрди жана кеп-кеңешин берип, реформага көзөмөл жасап келаткан Дүйнөлүк банктын жана Эларалык валюта фондусунун өкүлдөрүн чакырып, аларды угуу керек дейт.

Тармактагы абалдын оорлугун элдин баары, анын ичинде өкмөттүн мүчөлөрү жана энергетиктердин өздөрү да жакшы түшүнүшөт. Ошол эле «Түндүк электр» акционердик коому өткөн 2003-жылды 400 миллион сом чыгаша менен аяктаган. Бул тууралуу «Түндүк электр» акционердик коомунун директору Сапарбек Балкыбеков мындай дейт:

- Бул чыгаша - электр кубатын коммерциялык жактан жоготуулардан улам топтолду. Тилекке каршы, 2003-жылы биздин компаниянын коммерциялык жалпы жоготууларынын көлөмү 40% түздү. Эми эмне себептен концессияга берип жатабыз? Биринчиден, жоготуулардын санын азайтыш үчүн, техникалык каражаттарды оңдоо үчүн чоң инвестиция керек. Кийинки 5-10 жылда биздин компания өсүш үчүн 50-80 миллион доллар зарыл. Бизде да, өкмөттө да андай каражат жок. Ошондуктан ал каражатты концессионер алып келет деп талап кылып жатабыз. Ал акча кредит катары болот. Аны концессионер 20-30 жылдын аралыгында кайрып алам деп бериши керек.

Энергетика тармагын андан ары менчиктештирүү зарыл, анткени буга чейинки «Кыргызэнергону» реструктуризациялоо оң натыйжаларды берди деген пикирди болсо Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров депутаттар алдында минтип айтканы бар:

- Азыркы болуп жаткан кыйынчылыктар компанияны менчиктештирүүдөн келип чыккан жок, бул кыйынчылыктар акчанын жоктугунан болуп жатат. Азыр энергокомпаниялар таап жаткан акча ремонт жумуштарына эле жетип жатат. Менчиктештирүү - тармакка жеке компаниялардын акчасын тартуу максатында жүргүзүлгөн. Биз орто жолдобуз, токтоп калганга болбойт, андан ары жылышыбыз керек. Бөлүштүрүүчү компанияларды жеке колдорго беришибиз зарыл. Чыныгы кожоюн гана ишти оңдоп, коррупцияны тыйат, акча түшүрөт. Ошондуктан мен «Кыргызэнергону» реструктуризациялоо туура эле болгон деп эсептейм .

Бирок бөлүштүрүүчү компанияларды андан ары менчиктештирүүгө каршы чыккандар кызыкдар менчиктештирүүнүн классикалык жолу ушундай – алгач компанияны кудуретсиз абалга жеткирүү керек да, анан андан соң компанияны менчиктештирбесе болбой калды деп алакан жаят дешет.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы энергетика агенттигинин мурдагы директору Эмилбек Узакбаев энергетика тармагын шашып менчиктештирип жатабыз деп, өкмөт Эларалык валюта фонду, Дүйнөлүк банк баштаган эларалык каржы уюмдарынын көрсөтмөсүн аткарууга аргасыз болууда дейт:

- Энергетика тармагы – Кыргызстандын өзөгү, негизи. Аны шашып реформалап жатабыз, эл, мамлекет даяр эмес деп мен мурдатан эле айтып келатам. «Түндүк электрди» концессияга берүү боюнча айтсам – биринчиден, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр кубатынын 60% эл колдонот. Эгер экспортту, чет мамлекеттерге сатууну көбөйтпөсөк, ички керектөөчүлөрдүн ахывалы четтен келген инвесторго шарт түзүп берет деп айтуудан мен алысмын.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров чачырап кеткен энергокомпаниялардын башын бириктирип, аларды башкара турган мамлекеттик бир орган түзүш керек жана ал өкмөткө, парламентке баш ийгени оң деген ойду айтат:

- Энергокомпаниялардын акцияларынын 90%тен ашыгы өкмөттүн колунда болгонуна карабай башкаруу системасы бузулуп, компаниялар бири-бирине баш ийбей, башаламандык болууда. Иделогия, концепциясы туура эле: үч баскычтуу – үч функционалдуу болуш керек эле. Бирок аны ирээти менен алып кеткенге Дүйнөлүк банктын кеңешчилеринин дагы, аткаруу органдарынын да күчү жетпей жатат.

Энергетика тармагы – Кыргызстандын баасы жок ченемсиз байлыгы. Ал табият тартуулаган суу менен тоолорго таянылып, совет убагында курулуп калган ГЭСтерден жана жогорку чыңалуудагы линиялардан турат. Бул байлыкты туура пайдаланып, чет мамлекеттерге электр кубатын сатуу менен өлкөнүн абалын өркүндөтсө болоор эле, бирок колдогу байлыктын үзүрүн жакшылап көралбай жатабыз дешет адистер. Анан да азыркы учурда электрди өчүрүү ушундай ГЭСтерге жана сууга бай өлкөдө кечиримсиз нерсе дешет талдоочулар.
XS
SM
MD
LG