Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Нарын АЙЫП, Прага Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичке каршы Гаага шаарында өтүп жаткан сотко 7-сентябрда биринчи күбө чакырылды жана аны сот тарабынан дайындалган адвокаттар сурады. Бирок Милошевич каршы арыз жазып, сотто ал өзүн өзү коргоого кайрадан укук алышын талап кылды. Сот эми ал арызды караш керек.

Слободан Милошевичтин соту 2002-жылдын февралында башталган жана андан бери анын ден соолугуна байланыштуу, жыйырмадан ашык жолу убактылуу токтотулган. Бирок кээ бир маселелерди күнөөлөнгөн адам жок кезде деле карап-чечүү болот, ал үчүн адвокаттар болуш керек. Милошевич болсо башынан тартып өзүн өзү коргой турганын айткан жана сот ага алгач макул болгон.

Голландиялык эксперт Хейкелина Стюарттын айтымында, ар бир адам сотто өзүн өзү коргоого укуктуу жана күнөөлөнгөндүн эркине каршы адвокат дайындоо кыйынга турат:

- Адам укуктары боюнча европалык конвенциянын алтынчы беренесине ылайык сотто өзүн өзү коргоого ар бир адамга кепилдик берилет жана ал күчтүү эреже. Ошондуктан адвокаттарды дайындоо үчүн абдан орчундуу себеп керек, бирок андай себептин жарыяланганын биз азырынча көрө элекпиз.

Сотко "Эл аралык укук коалициясы" деп аталган уюм көз салат жана анын эксперти Юдит Арматтанын айтымында, Милошевич сотту саясий окуяга айлантууга аракеттенген, ошондуктан саясий маселелерди кароодон качыш үчүн, сот адвокаттарды дайындоонго аргасыз болду:

- Адис адвокаттар негизинен фактылар менен иштейт жана күнөөлөнгөн адамдан ошондой фактыларды уккусу келет. Алар жөн гана күнөөлөнгөндүн эркин аткарып, анын жарчысы болбош керек. Адис адвокаттар Милошевич сыяктуу коргоо жүргүзбөйт, ал сотто өзүн эмес, Сербиянын саясатын коргоого аракеттенген. Бирок Сербия соттолгон жок да.

Хейкелина Стюарттын айтымында дагы, эми сот жараяны чындап эле ылдамдоого тийиш:

- Менин оюмча, эми сот ылдамыраак жүрө баштайт. Милошевичтин арызы акыр-аягында канааттандырылбайт болуш керек жана сот катардагы укуктук жаярандын нугуна түшөт. Милошевич көп сүйлөбөй, кээде гана өзүнүн адвокаттарынын айтканына кошумча кошуп отуруп калат.

Алтымыш үч жаштагы Милошевичке каршы бардыгы болуп 66 күнөө коюлган, алар негизинен мурдагы Югославиянын аймагында болгон ич-ара согуштар, алар учурунда адам укуктарынын бузулушу жана аскерий кылмыштар менен байланыштуу.

Югославия федерациясынан алгач Словения бөлүнгөндө, федералдык бийлик ага каршы чара көрө алган эмес, бирок кийин Хорватия дагы ошол жолго түшкөндө, ага каршы Белград 1991-1995-жылдарда кадимки согуш жүргүзгөн. 1992-жылы Сербиянын жардамы менен босниялык сербдер Боснияда ич-ара согуш ачкан жана ал төрт жылга уланып, 200 миң адамдын өмүрүн алды. 1998-1999-жылдарда болсо Милошевичтин жетекчилиги алдында Косово аймагында мусулмандар кырылган жана ал кыргын НАТО аскерлеринин кийлигишүүсү менен гана токтотулган.

7-сентябрда сотко күбө катары чакырылган профессор Смилия Аврамов Милошевичти коргоп, анын максаты - Югославия федерациясын чачырап кетүүдөн сактоо болчу дегенине карабай, Милошевич соттун төрагасы менен бир нече саат кер айтышты. Бирок ага баары бир күбөгө суроо салууга укук берилбегенден кийин, дайындалган адвокаттар менен иштешпей турганын айтып, каршы арыз жазды.
XS
SM
MD
LG