Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ «КУМТӨРГӨ» КАЙРА КАЙРЫЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Кыргыз өкмөтү өлкөнүн тоо өнөр жайы тармагында аткарылып жаткан иштер боюнча Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына сентябрь-октябрь айлары ичинде отчёт бериши керек. Депутат Орозбек Дүйшеев өкмөттүн маалыматына байланыштуу ушул аптада кабыл алына турган токтомдун долбооруна ушундай сунуш киргизди. Эгер бул сунуш депутаттардын колдоосуна арзыса, парламент маселенин алкагында кайрадан «Кумтөр» ишканасын реструктуризациялоонун оош-кыйыштарына кайрадан кайрылмакчы. Өкмөттүн жыл башынан берки иши боюнча маалыматты парламент дүйшөмбүдөн бери талкуулап жатат.

Депутат Орозбек Дүйшеев бул сунушту депутаттар толук колдооруна ишенет. Анын пикирине караганда, тоо-кен тармагы Кыргызстандын экономикасынын олуттуу бөлүгүн түзөт. Бирок өкмөт бул тармакты иштетүүдө элдин кызыкчылыгын эске алган жери жок. Мындай пикирин депутат «Кумтөр» ишканасынын «Центерре» деген ат менен кайра түзүлүшү менен байланыштырды:

- Биз «Кумтөр» менен 1994-жылдан бери иштеп келатабыз. Өкмөтүбүз көз салбагандыгына байланыштуу «Кумтөр» комплексин куруу 176 миллион долларга кымбатка түштү. Ошонун эсебинен 300 миллион долларга жакын акча биздин бюджетке түшпөй калды. Карыздарыбыздан кутулуп, эми пайдасы түшкөнү аткан чакта булар «Кумтөрдү» чет элге берип жиберди.

«Кумтөр» ишканасын «Центерре» ишканасы деп кайра түзүү Кыргызстан үчүн пайдалуу деген көз карашын парламенттик талкуу учурунда премьер-министр Николай Танаев дагы бир ирет тастыктады:

- Бул биздин өлкөгө пайда бере турган жол. Эски макулдашуу боюнча жылына ашып кетсе 1,5-2-3 миллион доллар алмакпыз. Себеби, алтын иштетүүчү ишканалардын кирешеси анчалык чоң болбойт. Өсүш динамиканы карап көрсөңүздөр бул анча чоң эмес сан экенин көрөсүңөр. …Азыр болсо биз бардык салыктарды алып атабыз.

«Кумтөрдүн» реструктуризацияланышын жактабаган тарапты болсо мурдагыдай эле премьердин салыкка жана кирешелерге байланышкан негиздемелери ынандырган жери жок. Каршы тараптын эсептөөсүнө караганда, Кыргызстан «Кумтөргө» байланыштуу бардык карыздардан кутулган, жеңилдетилген салыктын мөөнөтү бүткөн жана өткөн жылы алгачкы киреше катары өкмөт «Кумтөрдөн» 1 млрд. 99 миллион сом алган. Бул кирешенин башталышы гана болчу дешет.

Парламент буга чейин «Кумтөрдү» реструктуризациялоону токтотууну талап кылып, эки ирет токтом чыгарып, бирок өкмөттөн каалаган жообун алган эмес. Бирок Жогорку Кеңештин токтому күчүн жоготпой тургандыгын «Кумтөргө» байланыштуу өткөн коомдук угуулардын биринде депутат Ишенбай Кадырбеков минтип белгилеген:

- Жогорку Кеңештин токтомунун зор күчү бар. Эгер 2005-жылы бийлик алмашып, "Кыргызстаным" деп күйгөн президент келсе, ушундай ишке барган кишилердин баары жоопко тартылат.

Кыргыз өкмөтү болсо «Кумтөрдү» реструктуризациялоо утуш берди деп, аны жөнөкөй акцияларды сатуунун эсебинен түшкөн 84 миллион доллар менен негиздеп келатат:

- Биздин эсебибизде бүгүн 115 миллион канада доллары, башкача айтканда, 84 миллион АКШ доллар бар, - деди премьер-министр парламенттин шейшембидеги отурумунда, - Эски макулдашуу боюнча бул 84 миллион долларды алмак эмеспиз. 8 жыл аралыгында 58 миллион доллар тапмакпыз. 84 миллион долларды болсо биз бир жылда алдык.

Бирок 84 миллион доллар июнь айынан бери парламенттин, коомдук уюмдардын жана аткаруу бийлигинин ортосундагы «Кумтөргө» байланышкан талаш-тартыштын дагы бир өңүтүн ээлеп келатат. Премьер-министр маалыматты алгач ачыктаганда, аталган каражат Улуттук Банктын эсебине түшкөнүн белгилеген. Кийинчерээк Улуттук Банк муну жокко чыгарып, ал эми Эл аралык валюта корунун август айында келген миссия башчысы Тапио Саавалайнен каражат Англия Банктарынын биринде экенин, анын келишине Кыргызстандагы чаташкан салыктары тоскоол болуп жатканын белгилеген. Ал эми премьер-министрдин бир күн мурда парламентте билдирген акыркы маалыматына караганда, акча «Кыргызалтын» ишканасынын (Лондонстандарт банктагы) эсебинде турат. Каражатты Улуттук Банктын эсебине которуунун механизми азыр иштелип жатат, дейт Танаев. Депутат Орозбек Дүйшеев мунун баарын баш айландырган жорук катары баалайт:

- Салык түшсө бюджетке түшөт да, чет өлкөгө кетпейт да. Кыргызстанга пайда берет да. Эгерде менчик ишкана ушинтсе соттоп, түрмөгө отургузат элек. Мамлекеттик акционердик коом ошентсе аларды жоопко тарткан жерибиз жок. Бул үчүн алар жоопко тартылыш керек.

Өкмөт башчынын парламентти ынандырганына караганда, Лондон стандарт банкындагы 84 миллион доллар күнүнө 20 миң доллар үстөк акча таап жатат. Бул каражаттарды өкмөт келерки жылдын бюджетине киргизип, аны саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына жумшоо максаты бар.

Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму 84 миллион доллар тууралуу өкмөттөн маалымат ала албай жатканын мисалга тартып, «Кумтөр» ишканасына байланышкан операциялар коррупциясыз, таза ишке ашып жаткандыгына күмөнү барын белгилеп келет.

- Бүгүн Лондондогу өзүбүздүн шериктеш уюм менен интернет аркылуу сүйлөшүп, чечтик, - деди бейөкмөт уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова, - «Кумтөр» Кыргызстанга келгенден баштап кандай акчаларды төлөгөн, пайда кандай болду, ачык болушун талап кылабыз. Анткени, бул «Кумтөрдүн» эл аралык деңгээлдеги милдеттенмеси. Эгер ал жакшы компания болсо эч качан алдабайт жана маалыматты берет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG