Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРДЫ ЭСТЕЛИКТЕРИ АРКЫЛУУ ТААНЫСА БОЛОБУ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Учурда ар бир аймактан, уруудан чыккан тарыхый инсандарга, баатырларга эстелик тургузуу адатка айланып баратат. Тоталитардык доордо ысымдары айтылбай, эл кеңири маалымат алалбай келген тарыхый инсандарга жасалган мындай мамиле бир чети коомчулуктун колдоосуна ээ болсо, экинчи жактан орнотулган эстеликтер анчалык ынаным жараталбай келет.

Чындыгында соңку кездерде Борбор калаа Бишкектин көрүнүктүү жерлерине, ар кайсыл шаарларда ХVШ-ХХ кылымдын башында жашап өткөн кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын айкелдери тургузулуп, аларга урмат сый көргөзүлүп келет.

Совет доорунда таптык көз-караш талабына туура келбеген кыргыз элинин билермандары, баатырлары, уруу башчыларынын айкели түгүл, ысымдары айтылбай келген тарыхый инсандарга көргөзүлүп жаткан сый-урмат келечек муунду тарбиялоодо ээлеген орду зор экени талашсыз. Бирок ар бир уруу, бири-бирине атаандашып, айкелдерди ар кайсыл жерге кура берүү да туура эмес дейт Тарых илиминин кандидаты Айтбек Жаманкараев:

-Өтө көп эстелик коюлуп кетип атат азыр ар кайсыл аймактан чыккан тарыхый инсандарга. Өтө деле дайынсыз койо бергенде болбойт. Эстеликти койгондо менимче, эл арасынан чыккан мурдагы көрүнүктүү акындарга, жазуучуларга көбүрөөк коюш керек да. Мисалы, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу жалпы эл үчүн иштеген инсандардын эстелиги коюлса туура болмок .

Ошол эле учурда тургузулуп жаткан айкелдердин образы, болжолдуу түрдө курулган алардын өң-салбаты айрым кайчы пикирлердин жаралышына түрткү берүүдө. Айкелчилердин арасынан да тарыхый инсандардын айкелдерине ичи чыкпагандар арбын. Белгилүү айкелчи, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев азыркы айкелдердин көбү архитектуралык талаптарга жооп бербесин айтат:

-Бүгүнкү күндүн руханий дөөлөтүнүн талабына жооп бербейт, ачык айтыш керек. Эки айда, жарым жылда бир эстелик куруп атпайбы. Ошол тарыхый инсанды изилдеш үчүн аны иликтеш керек да, издениш керек да. Ал тарыхый инсандын айкелин койоордун алдында ал эмне үчүн коюлуп жатканын, жалпы улуттун кызыкчылыгы үчүн кандай эмгек сиңиргенин такташ керек. Ар бир эл өз уруусунун ата-тегинин айкелин бири-биринен өтүп мактанып кура берсе болбойт да .

Учурда тургузулуп жаткан айкелдердин көпчүлүгүндө ошол инсандын жаш курагы анча эске алынбай калган деп эсептешет айрым адистер. Мисал катары Тайлак баатырдын, Ормон хандын эстелиги өз курагынан улуу болуп калса, ал эми Шабдан баатырды 80 жаш курагындагы учурун алкынтып ат мингизип койгонун айтышат. Бул тууралуу Чыгыш тилдер жана маданият институтунун директору, окумуштуу Бектемир Жумабаев:

-Бул тарыхый эстеликтердин тургузулушу жакшы нерсе. Бирок канча жашта каза болгон, канча жашта каармандык кылган - ошол мезгилине, жашына жараша тургузуш керек да. Ал эми кээде 50 жаш курагында каза болгон инсандын 80 жаш курагындагы айкелин тургузулуп жатпайбы. Кээ бирлерин жигит кылып коюп жатабыз. Ошол үчүн тарыхчылардын кеңешин угуп, конференция өткөрүп, тарыхый инсанга баа берилгенден кийин, алардын көз карашына дал келгендей болсо жакшы болот эле. Экинчиден ар бир коктунун баатырын эле тарыхый инсан кылып алуунун кереги жок деп ойлойм. Ошол эле учурда кээ бир тарыхый инсандар көңүл сыртында калып жатат .

Мына ушул сыяктуу дагы бир жагдай, учурда Байтик баатырдын айкелин тургузуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Байтик баатырдын буга чейин коомчулукка кеңири тараган сүрөтү аны 80 жаш курактагы учурун эске салат жана айкели ошол сүрөтүнүн негизинде даярдалууда. Ал эми Байтик баатыр дүйнөдөн пайгамбар курагында, 63 жашында көзү өткөн. Мына ушундай чалкештиктер тарыхый инсандардын айкелин курууда арбын кездешээрин адистер ар убак айтып келишет.
XS
SM
MD
LG