Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Ош областтык мусулмандар казыяты журналистерге, саясатчыларга жана илимий кызматкерлерге кайрылуу жолдошту


ОШ. Кайрылууда террордук аракеттер жана ушул сыяктуу окуялар жөнүндө жазганда, сүйлөгөндө негизсиз жерден "ислам экстремисттери", "диний террористтер" деген түшүнүктөрдү колдонбоо өтүнүчү айтылат. Кайрылуунун авторлорунун пикири боюнча адамдын акылына сыйгыс жырткычтыкка барган адамдардын аракеттерин бүтүндөй ислам динине таңуулоого болбойт. Кайрылуунун аягында жогорудагыдай түшүнүктөрдүн туура эмес колдонулуп жатышы момун мусулмандардын намысына тиет жана мындан ары мындай аракеттер ислам динине көө сүртүү катары кабыл алынат деп айтылат.

Жыйындын аягында Шейит дөбө мечитине чогулган мусулмандар Бесландагы террордук актыны адамзатка каршы багытталган жырткычтык деген айыптоо пикирлерин билдиришип, анын курмандыктарына багыштап куран түшүрүштү.

XS
SM
MD
LG