Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Бишкекте терроризмге каршы акциясы өтөт


БИШКЕК. Эртең Бишкекте «Алатоо» аянтында «Биз терроризмге каршыбыз» деген ураан астында митинг өтөт. Бул акция өлкөнүн билим берүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. Митинг Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы трагедиялуу окуяда курман болгондордун тууган, жакындарына, андан жабыр тарткан адамдарга колдоо көрсөтүү максатында өтөт. Акцияга Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары, мугалимдер, ата-энелер жана башкалар катышат. Ал эми кечээ борбор калаанын Тарых музейинде өлкөдөгү коомдук, укук коргоо уюмдарынын, саясий партиялардын өкүлдөрү Бесландагы террордук акттан курман болгондорду эскерүү жыйынын өткөрүп, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошкон. Беслан шаарында 1-3-сентябрь күндөрү орун алган трагедиядан соңку маалыматтар боюнча 340 адам набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG