Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды


БИШКЕК. Түркиянын Кыргызстандагы жаңы толук ыйгарым укуктуу элчиси дайындалды. Бул жөнүндө өлкөнүн тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезердин жардыгы менен Кыргызстандагы элчилик кызматын Серпил Алпман айым аткарат. Буга чейин Серпил Алпман Түркиянын тышкы иштер министрлигинде протокол бөлүмүн жетектеп келген. Ал ошондой эле Нидерландыда башкы консул болуп иштеген. Президент Неждет Сезердин сентябрь айындагы жардыгы менен жалпысынан 33 өлкөгө Түркиянын жаңы элчилери дайындалды.

XS
SM
MD
LG